Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » ОГПИнин периси аныкталды
26 май 2017
101

ОГПИнин периси аныкталды

ОГПИнин периси аныкталды

11-май күнү Ош шаарындагы Бабур театрында Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун факультеттери ортосундагы  «ОГПИ ПЕРИСИ – 2017» сулуулар сынагы болуп өттү.

Сынактын катышуучулары уюштуруу тобу тарабынан берилген жобого ылайык  саламдашуу, стилдүү пери, таланттуу пери жана интеллект пери тапшырмалары боюнча өз чеберчиликтерин сахнада көрсөтүштү. Аталган кароо сынакка  жалпы 7 пери катышып, жыйынтыгында калыстардын чечими менен  3-орунду Колледж бөлүмүнөн Апсаматова Гулиза жана Кыргыз-Россия факультетинин периси Токтобай к Керээз,  2 -орунду Математика жана компьютердик технологиялар факультетинин периси Масалбекова Айзада, 1-орунду Колледждин студенти Урмат к Айгерим ал эми баш байгени Гуманитардык факультетин студенти Кубанычбек кызы Нуриза ээлеп «ОГПИ ПЕРИСИ – 2017» наамына ээ болду. Ошондой эле жеңүүчүлөргө окуу жай тарабынан баалуу белектер, диплом жана жалпы катышуучуларга Ысык Көлгө 5 күндүк эс алууга жолдомо ыйгарылды.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин электрондук дареги:
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2017 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro