Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » ОГПИнин окутуучусу «Маданияттын мыктысы» төш белгиси менен сыйланды.
25 май 2017
92

ОГПИнин окутуучусу «Маданияттын мыктысы» төш белгиси менен сыйланды.

ОГПИнин окутуучусу «Маданияттын мыктысы» төш белгиси менен сыйланды.

25-апрель күнү Ош шаарындагы Р.Абдыкадыров атындагы филармонияда Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун окутуучусу жана аталган филармониянын кызматкери Куштарбек Ташматовдун чыгармачылык кечеси болуп өттү.

Концертти К.Ташматовдун чыгармачылыктагы сахналаш достору жана Б.Мадазимов атындагы эл аспаптар оркестри коштоп, күйөрмандарга мыкты маданий эс алуу кечесин тартуулашты. Ошондой эле кеченин жүрүшүндө КРдин Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин түштүк аймак боюнча маданий борборунун жетекчиси Асан Мансуров кеченин автору  К.Ташматовго куттуктоо сөзүн айтуу менен кыргыз маданиятына кошкон зор салымы үчүн  министрлик тарабынан ыйгарылган  “Маданияттын мыктысы” төш белгисин тапшырды. Мындан тышкары ОГПИнин ректору Б.Б.Зулуев куттуктоо сөзгө чыгып, окуу жайдын маданий өнүгүүсүнө кошуп жаткан эмгеги жана жеке чыгармачылык кечесин  койгондугу үчүн окуу жайдын Ардак грамотасы ошону менен бирге кесиптештердин жана институттун эсебинен 40 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык менен сыйлады.

Иш чара “Жаңырат жазгы кайрыктар” деп аталып, “Ыйман, адеп жана маданият жылына” карата  жалпы шаар тургундарына жана окуу жайдын жамаатына мыкты муза кече тартуулоо максатында уюштурулду.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин электрондук дареги:
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2017 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro