Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » Ошто Республикалык деңгээлде жаш педагогдордун дебюту болду.
24 май 2017
93

Ошто Республикалык деңгээлде жаш педагогдордун дебюту болду.

Ошто Республикалык деңгээлде жаш педагогтордун дебюту болду.

27-апрель күнү Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда ЖОЖдор аралык “ПЕДАГОГИКАЛЫК ДЕБЮТ – 2017-7” Республикалык сынак фестивалынын финалдык бөлүгү  болуп өттү.

Аталган фестивалдын финалдык бөлүгүн, уюштуруу тобунун төрагасы болгон  ОГПИнин ректору Б.Б.Зулуев ачып,  педагогикалык багытта иш алып барып жаткан кылымдык тажрыйбасы бар окуу жай катарында Ош гуманитардык-педагогикалык институту мындан ары да сапаттуу мугалимдерди даярдоо аркылу мектептер менен тызыз иш алып барып, өлкөбүздүн билим берүү тармагына барандуу салымын кошо берээрин өз сөзүндө белгилеп, иш чарага ар тараптан көмөк көрсөткөн мектептерге, калыстар тобуна ыраазычылык билдирүү менен жалпы катышуучуларга ийгилик каалап өттү.

Фестивал жалпысынан үч турдун негизинде уюштурулуп, 1-тур окуу жайлардын ичинде өтүп, алардан тандалып алынган студенттер 2-турга катышуу менен адистиктери боюнча жалпы билим берүүчү мектептерде ачык сынак-сабактарын өтүү менен бааланышты. Ал эми 3-тур финалдык бөлүгүнө 2-турга катышкан 15 катышуучунун ичинен жетоосу өтүп, алар кесипкөйлүгүн, логикалык ой жүгүртүү өзгөчөлүгүн, чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн жана жеке таланттарын саханада презентация кылышып, мындан тышкары  мугалимдикке багытталган блиц-суроолорго жооп берүү аркылуу таймашышты.

Сынактын жыйынтыгы 3 турдан топтогон балдарынын негизинде калыстар тобу тарабынан чыгарылып, 3-орунду ОГПИнин Гуманитардык факультетинин 4-курсунун студенти Рахматулла уулу Жусупбек ээлеп, диплом, үч миң сом жана“Таланттуу мугалим – 2017” наамы, 2-орунду Музыкалык-педагогикалык факультетинин 4-курсунун студенти Маматкасым кызы Самар багындырып, диплом, төрт миң сом жана “Чыгармачыл мугалим – 2017” наамы, ал эми  башкы 1-орунду Ош Мамлекеттик Социалдык университетинин студенти Абдылсакы кызы Барчынай ээлеп, диплом, беш миң сом жана “Мыкты мугалим – 2017” наамдары менен сыйланышты. Ошондой эле жеңүүчүлөрдүн усулчулары да эки миң сомдон акчалай сыйлык менен жана жалпы фестивалдын катышуучуларына окуу жай тарабынан диплом, баалуу белектер ыйгарылды.

Эскерте кетсек фестивал жыл сайын, коомчулукка мугалимдик кесипти даңазалоо жана педагогикалык багытта окуган студенттердин ар тараптуу билим алуусуна шарт түзүү максатында институттун “Педагогика” кафедрасы тарабынан уюштурулуп келет. Иш чаранын бул жылдагы сынагына  Оштогу ЖОЖдордун, Нарын Мамлекеттик университетинин жана ОГПИнин студенттери катышышты.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин электрондук дареги:
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2017 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro