Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » Ошто эл аралык форум болуп өттү.
24 май 2017
495

Ошто эл аралык форум болуп өттү.

Ошто эл аралык форум болуп өттү.

20-апрель күнү Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда “Билим берүү системасынын, илим жана эл аралык байланыштардын актуалдуу суроолору: Ата-Мекендин жана чет элдик тажрыйбаны интеграциялоо” деген аталышта эл аралык форум болду. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат катчысы Жылкычы у Кубаныч билдирет.

Иш чараны институттун ректору, профессор Б.Б.Зулуев ачып, алыс-жакындан келген конокторго уюштуруу тобунун атынан ыраазычылык билдирүү менен жалпы форумдун катышуучуларына ийгилик каалап өттү.

Форумга РФдан Москва Мамлекеттик Педагогикалык Университетинен, Кемерова Университетинен, Томск Мамлекеттик Университетинен, Борбордук Азиядагы Америка Университетинен, Кыргыз-Түрк Манас Университетинен, Баткен Мамлекеттик Университетинен , Оштогу ЖОЖдордон, Билим берүү министрлигинен, Ош шаарынын мэриясынан жана эл аралык коомдук уюмдардан өкүлдөр катышып, теманын үстүндө тактап айтканда дүйнөлүк билим берүүдөгү көйгөйлөр, ички-тышкы байланыштар туурасында кенен сөз кылышты.

Ошондой эле отурумдун соңунда жалпы ой-пикирлер, сунуштар, баяндамалар  эске алынып, бирдиктүү негизде резалюция кабыл алынды.

Эскерте кетсек бул саамалык Крдин билим берүү жана илим министрлиги, Ош шаарынын мэриясы, “Единство” коомдук фонду жана ОГПИ тарабынан уюштурулду.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин электрондук дареги:
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2017 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro