Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » ОГПИде «ЖАРАТМАН СТУДЕНТ – 2017» сынагы өттү.
24 май 2017
89

ОГПИде «ЖАРАТМАН СТУДЕНТ – 2017» сынагы өттү.

ОГПИде «ЖАРАТМАН  СТУДЕНТ – 2017» сынагы өттү.

Бүгүн 19-апрель Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата “Жаратман студент – 2017” аталышында студенттердин чыгармачылык көргөзмө сынагы болуп өттү.

Көргөзмөгө жалпысынан 50дөн ашык студент катышып,  алар өз өнөрлөрүн, кол өнөрчүлүк, сүрөтчүлүк, ууз-чеберчилик, ойлоп тапкычтык, дизайнерлик жана  жазуучулук  багыттары боюнча көрсөтүштү.

Катышуучулардын эмгегин атайын түзүлгөн калыстар тобу карап чыгып,  жеңүүчүлөргө “Кыл калем”, “Ийкемдүү кол”, “Чебер кол” жана  “Жети түс” сыяктуу наамдары ыйгарылса, ал эми эң өзгөчө деп таанылган “Ууз чебер” наамы менен гилем, таар жана шалча соккон өнөр ээси ОГПИнин Табият таануу жана география факультетинин 3- курсунун студенти Адинаева Роза, ал эми “Мыкты ойлоп табуучу -2017” наамы менен Гуманитардык факультетинин 1-курсунун студенти Марипжан уулу Баян кадимки (эксковатр) техникасын кыймылдаткычы менен колдо жасагандыгы үчүн алса, баш байге болгон “Жаратман студент – 2017” наамын Кыргыз Россия факультетинин 2-курсунун студенти Исамидин уулу Бектурали көргөзмөнүн бардык багыттары боюнча катышып аны менен катар ок атуучу курал жана кыймылга келүүчү учкуч жасагандыгы үчүн багындырды.

Иш чарага окуу жайдын ректору Б.Б.Зулуев баштаган жетекчилик жамаат, окутуучулар жана сырттан коноктор  катышып, өзгөчө ойлоп тапкыч, жаратмандык  менен көргөзмөгө алып чыккан студенттердин эмгектерин көрүшүп, айрымдары  таң калышса а көпчүлүгү сыймыктануу менен өздөрүнүн студенттерине жакшы сөздөрүн арнап өтүштү.

Эскерте кетсек аталган саамалыкка ректорат тарабынан чыгармачыл жаштарды колдоо максатында каралган  50 000 (элүү миң) сом байге фонду, жеңүүчүлөргө 18-май ОГПИнин күнүндө салтанаттуу түрдө тапшырылмакчы.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин электрондук дареги:
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2017 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro