Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » КӨП ОКУГАН, КӨП БИЛЕТ...
24 май 2017
12

КӨП ОКУГАН, КӨП БИЛЕТ...

КӨП ОКУГАН, КӨП БИЛЕТ...

Бүгүн 4-апрель ОГПИнин  Музыкалык-педагогикалык факультетинде “Көп окуган, көп билет” деген аталышта атайын жаштарды китеп окутууга кызыктырууга багытталган саамалык болуп өттү.

Иш-чарада факультеттин окутуучулары катышуучуларга, китеп окуунун айрым усулдарына токтолуп, “Канткенде адам  - кызыгуу менен китеп же чыгарма окуйт?” мына ушундай суроолордун үстүндө сөз козгошту. Ошондой эле студенттер тарабынан  мыкты чыгармалардан үзүндүлөр окулуп, жалпы катышуучулардын ой толгоосун козгогон, таасирлүү  талкуулар да жаралды. Иш-чаранын соңунда уюштуруу тобу тарабынан теманын үстүндө кыска баяндамалар жасалып, активдүү катышкан студенттерге белектер ыйгарылды.

Бул саамалык жаштарыбызды китепти сүйүүгө, окууга  чакыруу максатында, аталган факультеттин тарбия иштери боюнча декандын орун басары Мусаканова Майрамкан эжеке тарабынан уюштурулду.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин электрондук дареги:
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2017 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro