Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » » -башкалар уктап жатканда, сен оку!
10 сентябрь 2019
214

-башкалар уктап жатканда, сен оку!

Урматтуу студент досум!

 

Куту жанган, нуру тамган, кылымдар бою кыялынан да, кызматынан да талбаган, заман менен ширелишип, мезгилден артта калбаган, тарыхы кылым теңеген, билими көптү ченеген, келечек жолуңар үчүн дайыма астейдил аракет кылган окуу жайга кош келдиңер!

 Силерди бийиктикке алып баруучу билимдин эшиктери жарыгы жанган күнү да, жылдызы балбыл түнү да ачык бойдон турат, бирок маанилүүсү ал эшиктен кимдер кире алат!?

Биринчи кадамдын ташталышы, миңинчи кадамдын башталышы экенин эсиңден чыгарба жаш досум!

 “УБАКЫТ”- деген учкан куш, аккан суу, атылган ок, күндүн бир чыгып кайра батышы, көз ачып жумганчалыкка кеткен учур деп айтылат, бирок убакыт андан да тез өтүп жатат, эң өкүнүчтүүсү, биздин чоң жаңылыштыгыбыз: убакыт келет дейбиз, жо-жоок, убакыт келбейт, ал эч качан келген эмес, эми да келбейт, ал тек гана кетет. Андай болсо жаш досум, чамда, талпын, бир келген студенттик алтын доорду туура пайдалан, өмүр өтүп, мезгил алмашып, бир күнү артыбызды кылчайып караганда мактана ала турганчалык жашаган татыктуу күндөрүбүз көрүнсүн. Билимдин падышасы болуу үчүн, китептин кулу болууга туура келет, ийгиликтин ордосунан чыгууну каалаган, изденүүнүн артынан түшүүсү зарыл, татыктуу кесиптин ээси болууну көздөгөн, тажрыйбалуу устаттын таалимине сугарылуусу шарт. Кандай болгон күндө да токтобостон, күн сайын аракеттен, ошондо гана билимдин эшиктери кенен жана жарык болуп ачылат, ал үчүн бир канча кеңештерди берейин:

 

-башкалар уктап жатканда, сен оку!

-башкалар ойноп жатканда, сен иште!

-башкалар жөн гана кааласа, чын дилден кыялдан!

-башкалар басса, сен чурка!

-азыр уктасаң сонун түш көрүшүң мүмкүн, а эгер азыр окусаң чындап бакытка жетишиң чындык.

-башкалар башкалардын турмушун иликтеп жатканда, сен өз жашооңду түптө!

-башкалар жеңил жол тандаса, сен эң татаалын танда!

-башкалар башкаларды туурап жатканда, сен өзүң чыйыр жол сал!

-башкалар эртең десе, сен бүгүн аткар!

-башкалар татаал болсо, сен катаал бол!

-башкалар мүмкүн эмес десе, талашпа, сен далилде!

 

Студенттик алтын дооруң маңыздуу жана ийгиликтүү күндөргө бай болсун урамтуу жаш досум!

 

“СТУД kg” гезитинин редакциясы.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro