Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » » Окуу жайдын тарыхы
12 декабрь 2012
13 889

Окуу жайдын тарыхы

 
 
 

               Кыргыз элинин тарыхында Октябрь Революциясынын жеңиши жана совет бийлигинин орношу зор тарыхый мааниге ээ болуп эсптелет. Себеби республикада илим-билимдин өсүшү, анын фундаментинин түптөлүшү советтик доор менен байланыштуу. Совет бийлиги орногон мезгилде Кыргызстандын территориясында жашаган калктын 1,9% гана сабаттуулукка ээ болгон. Кыргызстандын аймагында пайда болгон башталгыч мектептерде, 2 класстык училищеде жана орус-тузем мектептеринде иштеген мугалимдерден жергиликтүү калктын өкүлдөрү болгон эмес.   Мына ошондуктан республикада сабатсыздыкты жоюу жана жергиликтүү калктын өкүлдөрүнөн мугалимдерди даярдоо эң негизги маселе эле. 1918-жылы түзүлгөн Туркестан Крайынын  Эл Комиссарлар совети билим берүү тармагына байланыштуу бир катар декларацияларды кабыл алган. Алардын бири 1918-жылдын 17-августунда кабыл алынган акысыз өз эне тилинде окутуу жөнүндөгү декларация. Ал документтин негизинде кыргыздар дагы өз эне тилинде окууга укук алышкан. Ошол эле жылы Туркестан Крайынын Эл Комиссарлар советинин алдында эл агартуу комиссиясы, ал эми жер-жерлерде анын бөлүмдөрү түзүлгөн. Бул уезддерде мектептердин санынын өсүшүнө алып келген. Мисалы: Ош уезддинде эле 1918-жылы мектептердин саны 13кө жетип аларда 36 мугалим эмгектенген. Бирок граждандык согуш түштүктөгү басмачыларга каршы күрөш сабатсыздыкты жоюуга түздөн-түз таасирин тийгизген. Мектептерге бөлүнүүчү финансылык каражаттар жергиликтүү бийлик органдарына, советтерге жүктөлгөн. Бул мектептердин материалдык  базасын өнүктүрүүгө  терс  таасирин тийгизген.

 

Базаркул Данияров

Алгачкы агартуучу, ОГПИнин түзүүчүлөрүнүн бири

 

       1924-жылдын март айынан Туркестан Крайында билим берүүчү мекемелер мамлекеттик бюджетке өткөрүлө баштаган. Жергиликтүү улуттардын өкүлдөрүнөн мугалимдерди даярдоо ал мезгилдеги эң оор маселе болгон. Ушул маселени чечүү максатында 1924-жылдын 17-июнунда Туркестан Крайынын Эл агартуу комиссариатынын чечими менен Ош шаарында алты айлык алгачкы педагогикалык курстар ачылган. Педагогикалык курстарды уюштурууда кыргыздын алгачкы агартуучуларынын бири  Базаркул  Данияровдун  ролу чоң.

 

             Базаркул Данияров 1923-жылы Ташкенттеги Казак-Кыргыз  агартуу институтун Осмонкул Алиев, Адыгене Ырысбековдор менен бирге бүтүрөт. Ал институтта окуп жүргөндө илимий комиссиянын орун басары кызматын аткарып кыргыз фольклорун эл оозунан жыйнатууга, башталгыч класстардын

окуу китептерин даярдоого активдүү катышат. И.Арабаев менен бирдикте  география жана эсеп китептерин казак тилинен кыргыз тилине которушкан. Б.Данияров кыргыздын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери, агартуучу, биринчи кызыл профессор К.Тыныстановдун «Касым ырларынын жыйнагы» аттуу китебине баш сөз жазып, ал жыйнак 1925-жылы Москвадан жарыкка  чыккан.

            Оштогу педагогикалык курстар 1925-жылдын биринчи январына карата I денгээлдеги мектептер үчүн 18 кара кыргыз мугалимин даярдоого жетишишкен. Педагогикалык курстар 80 угуучуга эсептелип анын негизги максаты биринчи даражадагы мектептерге жана сабатсыздыкты жоюу мектебине мугалимдерди даярдоо болгон. Курстарга 80 угуучу кабыл алынып алар даярдоо деңгээли боюнча 3 топко бөлүнгөн. Угуучулар негизинен Ош жана Жалал-Абад округдарынын жергиликтүү калктарынын өкүлдөрүже ал мезгилдеги түшүнүк боюнча кара-кыргыздар эле. 1925-жылдын 15-апрелине кара-кыргыздардан 30 мугалим даярдоо каралып, калган угуучулар 3 ай же болбосо 15-июлга чейин окуусун улантыш  керек болгон. Ош шаарында ачылган педагогикалык курстарды каржылоо маселеси бир топ кыйынчылыктарды туудурган. Себеби, Ош уезди 1924- жылдын 14-октябрына чейин Фергана облусунун карамагында турган. Архивдик маалыматтар боюнча педагогикалык курстарда окуган курсанттарга ар бир айга кийим-кечегинен тышкары 19 рублдан сарпталган. Фергана облусунун аткаруу комитети жергиликтүү кыргыз балдар окуган мектептердин санынын өсүшүнө кошумча каражаттарды бөлгөн эмес. Буга мисал аталган мезгилде Кыргызстандын түндүгүндө  жергиликтүү калктын балдары окуган мектептердин саны 266га жетсе, Фергана областында кыргыз мектептердин саны 24тү түзүп, анда окуган кыргыз балдардын  саны араң 1298ди түзгөн.

1924-жылдын 14-октябрында Кара-Кыргыз Автономиялуу областынын түзүлүшү кыргыз элинин тарыхындагы ири тарыхый окуя болгон.  Азыркы аймакта кыргыздар 2 миң жылдан ашык тарыхында биринчи жолу мамлекеттүлүккө ээ болгон. Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун мамлекеттик апараты 1924-жылдын декабрына чейин Ташкент шаарында болгондуктан педагогикалык курстарды каржылоо маселесинде бир топ кыйынчылыктар туулган. 1924-жылдын  декабрында гана Кыргыз өкмөтү Пишпек шаарына көчүп келип, ККАО ревкомунун президиумунун чечими менен Ош округу түзүлгөн. Буга байланыштуу Ош шаарындагы педагогикалык курстарды каржылоо 1925-жылдын 1-январынан  Фергана областык аткаруу комитети тарабынан токтотулуп,  курстарды каржылоо Ош жана Жалал-Абад округдук комитеттерине өткөрүлүп берилген.

         Б.Данияров Ош шаарындагы педагогикалык техникумдун ачылышына пайдубал түзүп өзүнүн чоң салымын кошкон. Ал Ош ревкомунун президиумунда 1924-жылдан бери иштеп жаткан педагогикалык курстардын базасында педагогикалык техникумду уюштуруу маселесин койгон. Ош округдук революциялык комитетинин президиуму  Б.Данияровдун педагогикалык курстарды уюштуруудагы ишмердүүлүгүн эске алып, педагогикалык техникумду түзүү жөнүндөгү комиссияга мүчө кылып  киргизген. Буга Ош округдук революциялык комитетинин кичи  президиумунун  №12 токтомунан  көчүрмөсү мисал боло алат.

Бул демилгени Ош ревкомунун төрагасы кыргыздын көрүнүктүү ишмерлеринин бири Дали Зулфибаев колдогон. Натыйжада Ош округдук революциялык комитетинин  1925-жылдын 15-январындагы №14 токтомунун негизинде бир жылдык «педагогикалык техникуму ачылган».

 

Ош округдук революциялык комитетинин президиумунун №14  15-январь,1925-жыл.

Токтому.

1. Педагогикалык курстардын ордуна мектептерге квалификациялуу кызматкерлерди даярдоо максатында  1 жылдык педагогикалык 120 угуучуга эсептелген техникум уюштурулсун.

2. Педагогикалык техникумдун кара-кыргыз дыйкан эмгекчилерин агартуудагы ролу эске алынып педагогикалык техникумду уюштуруу жана каржылоо областык бюджетине өткөрүлсүн.

Ош округдук ревкомунун административдик саясий бөлүмүнүн башчысы.

КР Б.А. фонд 647 оп 1-16.


Оштогу педагогикалык окуу жайдын ачылышы боюнча 1986-жылы басылып чыккан кыргыз СССРинин тарыхында төмөндөгүдөй маалыматтар берилет: «1925-жылдын башында Оштогу 6 айлык курстардын базасында бир жылдык педагогикалык техникуму уюштурулуп окуу мөөнөтү сентябрь айынан 3 жылдык болуп калган».  Бул маалыматтардын негизинде Ош педагогикалык окуу жайын Кыргызстандагы эң алгачкы окуу жай деп атасак болот.

  Педагогикалык техникум ачылган мезгилде бюджеттин тартыштыгынан  материалдык базанын талапка жооп бербеши жана тиешелүү адистердин жоктугу техникум үчүн кыйынчылыктарды туудурган. 1927-жылы педагогикалык техникумда 8 класс болгон жана студенттер эки смен окушкан. Эки бөлмөлүү жатаканада 15 окуучу жашап, калган окуучулар батирде турушкан. Окуу иштери стабилдүү жүргүзүлбөгөндүктөн мугалимдер ар түрдүү иштерди аткарышкан.

  Педагогикалык техникумдун мугалимдер жамаатын ар түрдүү улуттардын өкүлдөрү түзгөн. Алар С.Курманов, Б.Данияров -  улуту кыргыз, Гарифжанов-татар, Х.Измаилова-лезгинка, С.Салихов-татар, А.Рахимов-уйгур, Хабибулин-татар, Деркенбаев-кыргыз жана башкалар. Мугалимдерге атайын күбөлүк берилген.

Мугалимдердин көпчүлүгү Москва, Ташкент, Алматы шаарларынан билим алышкан. 20-30-жылдарда жаңы түзүлгөн улуттук мамлекеттерди жогорку билимдүү адистер менен камсыз кылуу партиянын жана совет мамлекетинин көңүлүнүн борборунда болгон. Россиянын борбордук райондорунан жогорку профессионалдуу адистер улуттук республикаларга анын ичинде Кыргызстанга дагы жиберилген. Ошондой адистердин бири 1926-жылы Оштогу педагогикалык техникумунда орус тили жана адабияты мугалими болуп өзүнүн эмгек жолун баштаган Лезгин кызы Хабироханум Исмаилова эле. Хабироханум Исмаилова 1926-жылы Орто Азия республикаларына кадрлар менен камсыз кылуу максатында жиберилген. Педагогдор менен келип, жаңы Ош шаарында ачылган Педагогикалык техникумга орус тили жана адабияты предмети боюнча окутуучу болуп дайындалган. Хабироханумдун окуучуларынын бири Кыргыз эл акыны, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Темиркул Үмөталиев төмөндөгүдөй эскерет: «Хабироханум Исмаиловадан көп бала окудук, менден башка Жоомарт Бөкөнбаев да, Төлөн Шамшиев ал кишиден окуп тарбия алышты. Улуу Ата Мекендик согушта Пруссиядагы кандуу салгылашууларда курман болгон танкистер колоннасынын командири Жаныбек Жоробаев азыр персоналдык пенсионер Улуу Ата Мекендик согуштун ветераны, отставкадагы майор Насир Примбердиев республиканын  эмгек сиңирген мугалими Нургазы Примкулов, мугалимдер Култай Муратов, Бүргө Асанов,  Кадыркул Шеркулов, Нышанбай Алыкулов толуп жаткан жолдоштор ошол жылдары педтехникумда Хабироханумдан билим алышкан». Хабироханум Исмаилова республиканын элге билим берүү системасына өзүнүн чоң салымын кошкон. Совет өкмөтү Хабироханум Исмаилованын көп жылдык ак ниет эмгегин жогору баалап Эмгек Кызыл Туу ордени жана бир нече медалдар, Ардак грамоталар менен сыйлаган. 1945-жылы Кыргыз СССРинин мектептеринин эмгек сиңирген мугалими деген ардактуу наамга татыктуу болгон. Кыргыз эл акыны Темиркул Үмөталиевдин жазгандары Ош педагогикалык окуу жайынын 1925-жылы ачылгандыгын дагы бир жолу далилдейт.

         20-жылдардын экинчи жарымында ишке ашырылган аймактык реформаларларда улуттук жана экономикалык кызыкчылыктар эске алынган. 1928-жылы республикада кантондор жоюлуп анын ордуна райондор түзүлгөн. Кыргыз АССРнин Борбордук Аткартуу комитетинин жана Эл Комиссарлар советинин чечими менен Ош жана Жалал-Абад округдары бириктирилип,  Ош округу түзүлгөн. Бул чечим Оштогу педтехникумдун ишмердигине таасирин тийгизбей койгон жок. 1928-жылы Оштогу педагогикалык техникум Жалал-Абад шаарына көчүрүлгөн. Ош педагогикалык техникумун бүтпөй калган окуучулар Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайда окуусун улантышкан. Педагогикалык техникум кыска мөөнөттө түштүк региону үчүн 300гө жакын мугалимдерди даярдаган.

 

Окуу жай 1937-1955-жылдарда

        Ош педагогикалык окуу жайынын экинчи жолу кайра жаралуу мезгили 30-жылдардын экинчи жарымы менен байланыштуу. СССРдин 1936-жылдын 5-декабрында кабыл алынган конституциясынын негизинде өлкөгө жалпы милдеттүү 7 жылдык билим берүү киргизилген. Анын негизинде айылдарда 7 жылдык шаарларда 10 жылдыка өтүү пландаштырылган. Республикада мектептердин жана окуучулардын санынын өсүшү мугалимдердин жетишпестигине алып келген. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн чечими менен 1939-жылы Ошто башталгыч класстардын мугалимдерин даярдоо максатында Ош педагогикалык окуу жайы кайрадан ачылган. Архивдик маалыматтарга таянсак,  Ош кыздар педагогикалык окуу жайынын 1953-1954-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча даярдалган отчетунда төмөндөгүдөй маалымат жазылган. 

«Ош кыздар педагогикалык окуу жайы 1937-жылы уюштурулган, 1951-жылга чейин Ош педагогикалык окуу жайы деп аталып кыздар менен катар эле балдар да окуган. 1951-жылы окуу жай кайрадан уюштурулуп республикалык кыздар окуу жайы ал эми 1952-жылдан Ош кыздар окуу жайы деп аталган».


          1939-1940-окуу жылына окуу жайга 196 окуучу кабыл алынып, окуу процесси кыргыз жана өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн. Окуу жай  ишин баштаган мезгилде бир топ кыйынчылыктарды башынан өткөрүүгө туура келген. Окуу жайга атайын бекитилип берилген имараттын айылдан келип окуган окуучулар үчүн жатакананын жоктугу, кээ бир предметтерди окутууга мугалимдердин жоктугу. СССРдин тарыхы, география, математика   ж.б. предметтерди окутууга мугалимдердин жетишсиздиги окуу процессине  терс  таасирин  тийгизген. Бул  маселе  1939-жылы Кыргыз  Республикасынын   жогорку   кеңешинин  президиумунда  каралып   төмөндөгүдөй   токтом  кабыл  алынган.

Ал  токтом  боюнча  Ош  педагогикалык  окуу  жайына

        -педагогикалык окуу  жайдын 175 орунга  эсептелинген  мурдагы  имараты.

-Алебастрова  көчөсүндөгү  35 орунга  эсептелинген  мечиттин имараты.

-Санитарный   көчөсүндөгү   25 орундук  мечиттин   имараты бекитилип берилген.

Бирок  окуу  жайдагы   кыйынчылыктарга  карабастан,  комсомолдук   жана   профсоюздук  уюмдар  тарбиялык   иштерди   жүргүзүшкөн. Улуу Ата  Мекендик  согуштун  алдында республикада  атайын  орто  билимдүү  адистерди  даярдоочу  окуу  жайлардын   саны   34кө  жетип,  анда   окуган   студенттердин  саны    5 эсеге  өскөн. 1941-жылы  Кыргызстанда  атайын  орто билимдүү  адистердин   саны  7,3 миң  адамга  жеткен. Согуштун башталышы  республиканын эл  чарбасынын   өнүгүшүнө, коомдук-саясий  жана  маданий   турмушуна  таасирин   тийгизбей  койгон  жок.

Согуштун   башталышы  менен    Мекенди  коргоону  ыйык милдети  катары  көргөн  окутуучулар  өз  ыктыярлары  менен согуш майданына  аттанышкан. Мугалимдерди  даярдоочу  айрым  окуу  жайлар  жабылып,  калгандары  бириктирилген. Оштогу  мугалимдер  институту   жабылып,  анын эсебинен  Ош  педагогикалык  окуу   жайына  окууга  жылына 150   кыргыз   жана  өзбек   кыздары   кабыл  алынган. Мунун натыйжасында улуттук  интеллигенцияны  жергиликтүү  улуттук  кыз-келиндерден  даярдоо  чоң  мааниге  ээ болгон. Бирок бул  чаралар  мектептерди  адистер  менен  камсыз кылуу проблемасын  чечкен  эмес. Архивдик  маалыматтар  боюнча   согуш   мезгилинде   8-9-класстын мугалимдеринин  50%ы   толук  жогорку, 5-7- класстын  мугалимдеринин  64%ы  билим деңгээли  мугалимдер  институтунун   деңгээлинде, ал  эми   башталгыч   класстардын  мугалимдеринин  70%ы   орто  мектепти  аяктаган тууралуу  аттестаты да  болгон эмес.

1939-1940-жылдары педагогикалык окуу жайды Сарымсак Ходжаев жетектеген.  Ал 1907-жылы  Ош  шаарында  тулуп,  башталгыч  билимди   медреседен алган. Кийинчерээк  Андижан шаарында  кыска  мөөнөттүк  курстарда  окуп,  мугалимдик  кесипке  ээ болгон.  1939-жылы Ош  шаарындагы  агартуу бөлүмүнүн  мектептер  боюнча инспектору, кийин педагогикалык  окуу  жайдын    директору  кызматын  аркалаган. 1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Сарымсак  Ходжаев  жөнүндө 1939-41-жылдары  Ош  педагогикалык   окуу   жайын аяктаган Кыргыз  Республикасынын  Эмгек  сиңирген соода  кызматкери Мадамин  Ишматов төмөндөгүдөй  эскерет: «Ходжаев Сарымсак  бардык  күчүн  аябай  Ош   шаарындагы   окубаган  балдарды мектепке тартууда, аларды   өз  эсебинен  окуу  куралдары  менен   камсыз  кылууда  чоң  эмгек  сиңирген».

1941-жылы  Ош  педагогикалык  окуу  жайын   аяктаган   көп  жылдар  бою  партиянын   профсоюздук   органдарда   эмгектенген Инамжан  Мусаев   окуу жай жөнүндө төмөндөгүдөй   эскерет:    «1941-жылы Ош  педагогикалык окуу  жайын  аяктап,  Өзгөн  районундагы  Ворошилов атындагы   мектепте  башталгыч класстын   мугалими  болуп, эмгек  жолумду  баштадым. 1943-жылы  декабрда  Советтик  Армиянын   катарына  чакырылып,  байланышчы  катары  3-Белоруссиялык жана 1- Прибалтикалык  фронттордун  катарында  немистик-фашисттик баскынчыларга каршы согушта 1945-жылы Прибалтикада душманды талкалоого  катышып,  Мамлекеттик орден, медалдар менен  сыйландым».

Улуу Ата Мекендик согуштун мезгилинде педагогикалык окуу жайдын материалдык базасын чыңдоого Назырхан Камалов чоң салым кошкон. Ал окуу жай үчүн шаардык бийликтен бир гана Киров атындагы мектептин жогорку кабаттарын бөлдүрбөстөн, окуу жайдын өздүк чарбасы үчүн 27 гектар жер бөлдүргөн.  Ал Ташкент шаарынан партиялык мектепти бүтүрүп,  «кызыл профессор» деген ат менен шаарга таанылган. Согуштан келгенден кийин мугалимдер институтунда КПССтин тарыхы боюнча лекция окуган. Республиканын агартуу системасынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ага республикалык маанидеги персоналдык пенсия белгиленген. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Оштогу педагогикалык окуу жайды Нооман  Аманов, Наби  Каримов, Салихон Аманжанов ж.б. жетектеп келишкен.

Согуш жылдарында, так айтканда, 1943-жылдан тартып педагогикалык окуу жайда адегенде  математика мугалими,  кийин директордун сырттан окуу боюнча орун басарлык кызматын Акрам Валиев аткарган. Ал 1937-41-жылдары Самарканд педагогикалык институтунун физика-математика факультетинен билим алып,  1941-жылы фронтко жөнөтүлгөн. Педагогикалык окуу жайда иштеп жүргөн мезгилде педагогикалык практика жана башталгыч класстарда математиканы окутуу усулдарына көп көңүл буруп, ал боюнча окуу-усулдук материалдарды жазган. Акрам Валиев педагогикалык окуу жайда иштеген мезгилде окуу жайдын директору Наби Каримов жөнүндө төмөндөгүдөй эскерет: «Наби Бабаевич кыргыз мектептерде башталгыч мугалимдердин жетишпестигин эске алып, Ош областындагы балдар үйүнөн тартып, кароосуз калган 30га жакын кыргыз балдарын Ошко алып келип, окуу жайдын алдында интернат ачып,  башталгыч класстын мугалими адистигин даярдаган».

  Согуш мезгилинде Ош областынын мектептерине мугалим адистерди даярдоого педагогикалык окуу жай өз салымын кошкон. 1941-1945-жылдары аталган окуу жай кыргыз жана өзбек мектептерине 135  башталгыч класстардын мугалимдерин даярдаган.

Педагогикалык окуу жайдын студенттеринин улуттук курамын санын төмөндөгү таблицадан көрсөк болот.

 

     Таблицада  көрүнүп  тургандай,  окуу  жайда  даярдалган башталгыч  клаастардын  мугалимдери  орус, өзбек  улутунун өкүлдөрү болгон.

Согуштан кийинки жылдарда  педагогикалык окуу жай оор  мезгилди башынан өткөргөн, окуу жайдын өзүнө тиешелүү окуу имараты жана жатаканасы болгон эмес. Ошол кезде окуу жай  Крупская балдар үйүнүн имаратында жайгашып, Ж.Бөкөнбаевдин атын алып жүргөн. Окуу процессине жана адистерди даярдоонун сапатына окуу кааналарынын жана окуу-усулдук адабияттардын жетишсиздиги терс таасирин тийгизген. 1945-жылдын  28-июнунда  окуу жайдын Уставы Кыргыз ССРнин Эл комиссарлар советинин чечими менен бекитилген. Уставдын негизинде педагогикалык окуу жайдын алдында башталгыч мектеп түзүү маселеси коюлган. Башталгыч  мектептин жана шаарда кыргыз мектептеринин болбогондугуна байланыштуу окуучулар педагогикалык практиканы райондук мектептерден өтүшкөн.

 

       Ош педагогикалык окуу жай башталгыч класстардын  мугалимдерин даярдоочу окуу жай катары калган. Айрыкча,  окуу жайды таланттуу, уюштуруучулук жөндөмү менен айырмаланган Тенти Орозбеков жетектеген мезгилде окуу жайдын окуу-тарбиялык процессинде бир топ ийгиликтер  жаралган.

       1949-жылы педагогикалык окуу жайды аяктаган, Ош мамлекеттик университетинин профессору, педагогика илимдеринин кандидаты Бекембай Апышев педагогикалык окуу жайда окуган жылдарын төмөндөгүдөй эскерет: «1949-жылдын декабрь айында үй-бүлөлүк шартыма байланыштуу, мен

Тенти Орозбеков

1947-1951-жылдары окуу жайды жетектеген

Жалал-Абад педагогикалык окуу жайынан Ош педагогикалык окуу жайына которулган элем. Ал мезгилде педагогикалык окуу жайды Орозбеков Тенти жетектеген. Орозбеков Тенти педагогикалык окуу жайдын директорлук кызматынан Ысык-Көл областынын комсомол комитетинин биринчи катчысы, Түп райондук партиялык комитетинин биринчи катчысы, Кыргыз СССРнин транспорт министрлигине чейин көтөрүлгөн. Биздин класс жетекчибиз чеберпедагог, насаатчы  Акрам Валиев эле. Тарых сабагын кыргыздын алгачкы тарыхчысы, агартуучусу Осмонаалы Сыдыковдун кызы Р. Сыдыкова берчү. Биз окуган группада 22 курсант бар эле. Алардын ичинен республикага таанымал партиялык советтик кызматтарда эмгектенген, азыр Ош областынын ардагерлер кеңешинин төрагасы А. Тажибаев бар эле».

 

 1950-жылдарда Ош педагогикалык окуу жайы Ош шаарынын Ленин көчөсүндөгү №343 имаратта жайгашкан. Окуу жай 1951-жылга чейин Ош педагогикалык окуу жайы деп аталып келген.

 

«1951-жылы окуу жай республикалык аялдар педагогикалык окуу жайы болуп кайра түзүлүп 1952-окуужылынан Ош аялдар педагогикалык окуу жайы болуп атала баштаган».


       Ош аялдар педагогикалык окуу жайы 2 кабаттуу имаратта жайгашып, окуу корпусунун аянты998,31кв метрди түзгөн жана ар бир окуучуга 2,19кв метр туура келген. Окуу корпусу 12 каанадан туруп, анын ичинде тарых, география, химия, биология, дене-тарбия залы, окуу залы, мугалимдер каанасы, бухгалтерия, буфет, музыка каанасы, директордун каанасы жана директордун квартирасы болгон. Бир окуу каанасы Марксизим-ленинизм университетинин дирекциясына бөлүнгөн.

       Оштогу аялдар педагогикалык окуу жайынын 1953-1954-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз ССРинин Агартуу министрине жөнөткөн отчетуна таянсак,  окуу жайдын материалдык техникалык базасы талапка жооп бербегендиги отчетко төмөндөгүдөй чагылдырылат:

«Окуу кабинеттеринин жабдыктарын педагогикалык окуу жайдын ишин жана программалардагы милдеттерди аткарууга нормалдуу  шарттарды камсыздай албайт». 


Жаңы окуу жылына окуу жай окутуучулар менен толук комплектация болгон. Бир гана музыка окутуучусу жетишпеген.Бирок окутуучуларга ашыкча окуу жүктөмдөрү  жүктөлгөн. Мисалы: математика окутуучусу А.В. Валиев жумасына 41саат, музыка окутуучусу Мадиков 41саат, музыка окутуучусу Буслаев жумасына 42 сааттан окуу жүктөмдөрүн  аткарышкан. Мунун негизги себеби согуштан кийинки мезгилде жогорку билимдүү адистердин жетишсиздиги жана 1953-54-окуу жылында окуу жайда эмгектенген 20га жакын окутуучунун 14ү гана жогорку билимдүү болгон. Муну төмөндөгү таблицадан көрсөк болот.


шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

JosephFen
viagra use and circumcision viagra generic can viagra be detected in a drug test cheap brand viagra online 20 years old viagra
Ammineawn
cialis 20mg achat france http://cialisles.com cialis online prescription rxmeds hub order cialis super active online viagra online usa prazosin cialis cialis coupon what is a cialis pill
dafaenaph
online pharmacy that sells viagra i thought about this viagra and hytrin Visit Website success stories of viagra
Geraldglupt
x http://viagraivo.com viagra generic magic mushrooms and viagra generic viagra online apotheke viagra deutschland
Emeteeli
t http://viagraonlinenut.com generic viagra online generic viagra online is it illegal to sell generic viagra in the uk
incigiogindybura
where to buy viagra in hong kong http://cialisbhg.com/ cialis for sale viagra morning after cialis price viagra for my wife buy cialis online effects of mixing viagra with alcohol
Cantoglupt
u http://viagrraver.com legit generic viagra where to viagra online viagra without prescription how to make natural viagra at home in hindi
Ermamig
w http://clalisonlineohi.com buy generic cialis online long term side effects of using cialis online cialis cialis da 20 si puo' dividere
Duncamig
t http://cialsonlinebei.com buy cialis cialis 5mg price in dubai cialis cost viagra cialis levitra comparativa
CevinNak
viagra and alcohol dangerous does generic viagra work best viagra in mumbai generic viagra canada fine brevetto viagra http://viagratru.com - is 31 too young for viagra
kamagra forum opinie
kamagra oral jelly kaufen deutschland kamagra 100mg side effects kamagra oral jelly buy online kamagra oral jelly 100mg online kamagra oral jelly customer reviews http://kamagradxt.com/ kamagra oral jelly kopen amsterdam
Bartyenaph
acheter cialis pas chere http://cialisle.com/ - cheapest cialis cialis adverse events tadalafil melhor cialis viagra ou levitra buy cialis verschreibt urologe cialis
DexterWrern
precio cialis venta cialis http://comprar-cialis-sinreceta.net/ comprar cialis comprar cialis
bakkaenaph
can i take viagra and lisinopril navigate to this website foods not to take with viagra generic viagra can a doctor refuse to prescribe viagra
ElbertPAyoF
cialis generico venta cialis http://comprar-cialis-generico.net/ cialis precio cialis precio cialis comprar online
LertoHem
duree effets secondaires cialis http://buyscialisrx.com/ - buy generic cialis acheter cialis en pharmacie buy cialis online cialis y la diabetes buy cialis online pseudoephedrine cialis
JamesPet
precio cialis venta cialis http://comprar-cialis-sinreceta.net/ comprar cialis venta cialis comprar cialis

cialis vente cialis http://achatcialisgeneriquefrance.net/ acheter cialis cialis sans ordonnance prix cialis
Louiscig
cialis eyesight side effects buy generic cialis cialis mail in rebate buy generic cialis cialis generic price comparison http://cialisgrudj.com/ cialis 20mg dosage reviews

generic for cialis or viagra buy cialis online best price brand cialis buy cialis online do cialis side effects go away http://cialispaxl.com/ cialis tadalafil 20mg sale
Michaelphace
cialis cialis http://comprar-cialis-generico.net/ comprar cialis cialis genérico
AghiHem
es necesario receta medica para comprar cialis http://buyscialisrx.com/ - cheap cialis online cialis rash treatment cialis coupon why the bathtubs in the cialis ads buy cialis ideal cialis dosage
Anadyrive
Medical document 003 http://2004959.ru/?doc=фонд-обязательного-медицинского-страхования-рф-курсовая-
скачать.html Medical document 003 http://abc-trading.com.ua/?act=Сестринские-конференции-темы-терапии.html
Natalirive
Truly quite a lot of amazing facts. http://2004959.ru/?doc=таблица-болезней-лиз-бурбо-и-луизы-хей.html Document primer http://2fish.ro/?obrazec=Скачать-презентацию-по-профилактике-заболеваний.html
Henrysense
vente cialis achat cialis http://achatcia1isgeneriquepascher.com/ vente cialis commander cialis cialis achat
Charlesjex
cialis comprar cialis http://comprar-ciallis-sinreceta.com/ precio cialis comprar cialis precio cialis
Williamvieva
cialis sans ordonnance cialis achat http://achatciallisgeneriquefrance.com/ cialis[/url] acheter cialis cialis pas cher prix cialis
BlakeCef
acquistare cialis cialis roma cialis acquisto cialis roma
Leroyinord
costo cialis acquistare cialis http://acquistare-cia1is-italia.com/ acquistare cialis prezzo cialis cialis acquistare
Hermanlusia
cialis generico acquistare cialis http://acqusitarecia1isgenerico.com/ prezzo cialis acquisto cialis cialis acquistare

cialis comprar cialis genérico http://comprarcia1isgenericoespana.com/ cialis comprar cialis cialis

cialis générique cialis pas cher http://acheterciallisgeneriquefrance.com/ cialis pas cher cialis acheter cialis

comprar cialis cialis http://comprarcia1isgenericoespana.com/ cialis comprar cialis comprar cialis
CharlesVot
acheter cialis achat cialis http://acheterciallisgeneriquefrance.com/ acheter cialis acheter cialis acheter cialis
RogerGoP
cialis genérico cialis genérico http://comprarcia1isgenericoespana.com/ cialis precio cialis comprar cialis
Мурунку 1 2 Кийинки
ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro