Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » Абитуриент 2017
25 май 2017
1 160

Абитуриент 2017

 

Мугалимдерди даярдоонун устаканасы

 

 

Кыргызстандын орто мектептерине педагог адистерди даярдоонун түптүү устаканасы болгон Ош гуманитардык - педагогикалык институтунун тарыхы 1925-жылы Кыргызстандын түштүк аймагында биринчи болуп ачылган Ош педагогикалык окуу жайынан башталат.         

1994-жылы Билим берүү министрлигинин коллегиясынын чечими менен Ош педагогикалык окуу жайы – Ош  педагогикалык колледжи болуп түзүлүп, бир топ педагогикалык жаңы адистиктер ачылган.

1996-жылы Кыргыз Өкмөтүнүн №470-токтомунун негизинде   Ош педагогикалык колледжи - Ош жогорку колледжи болуп  түзүлгөн.

2002-жылы Кыргыз Өкмөтүнүн №316-токтому менен Ош Жогорку колледжине  Ош гуманитардык - педагогикалык институту деген статус берилген. Ошондон бери өлкөбүздүн бардык мектептеринде өзгөчө Кыргызстандын түштүк аймагында Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарынын элет жергесиндеги жана тоолуу аймактардагы орто мектептеринде кесиптик жактан мыкты даярдыктан өткөн биздин бүтүрүүчүлөрүбүз ийгиликтүү эмгектенип жатышат

ОГПИнин коом алдындагы негизги миссиясы – Кыргызстандын орто мектептери үчүн сапаттуу педагог адистерди даярдоо болуп саналат. Өзгөчө элет жергесиндеги, алыскы жана тоолуу аймактардагы орто мектептерди жаш мугалимдер менен камсыз кылуу биздин эл алдындагы башкы милдетибиз. Ошондой эле орто мектептердин проблемасын изилдөө жана мектептерге окуу усулдук жактан, окутуунун жаңы технологиялары боюнча  көмөк көрсөтүү.

Учурда окуу жайыбыз бюджеттик жана келишимдик негизде башталгыч класстын мугалими, мектепке чейинки билим берүү,  дене тарбия, музыка, кыргыз тили, орус тили, кытай тили, англис тили, биология, химия, математика, информатика, география, тарых, социалдык иш, билим берүүнүн менеджменти жана экология боюнча мугалимдерди даярдайт.

ОГПИнин курамында азыркы кезде 6 факультет (Музыкалык-педагогикалык, Табият таануу-география, Математика жана компьютердик технологиялар, Гуманитардык, Кыргыз-Россия, Билим берүү менеджменти жана туризм), 1 бөлүм (Дене тарбия), 1 колледж ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө.

Бүгүн орто мектептердин мугалимдеринин коомдук кадыр баркы жогорулап, жыл өткөн сайын педагогикалык адистиктерге болгон суроо талап бир топ жогорулоодо. Мындайча айтканда мугалимдик кесипке ээ болууну каалаган улан-кыздардын саны жылдан-жылга көбөйүүдө. Ошол эле учурда айыл жергесиндеги мектептерде мугалимдердин жетишсиздиги Кыргызстандын билим берүү системасынын эң негизги чечилбеген көйгөйлөрүнөн болуп калууда.

 

 

Кылымдык тажырыйбалар

 

Кылымга жакын педагогикалык иш тажрыйбасы мол, элине кадырлуу кесиптин татыктуу ээлерин даярдаган мугалимдер устаканасы болгон Ош гуманитардык-педагогикалык институту билим берүү системасында педагогикалык кадр маселесин чечүүдө муктаждыктардан жана зарылдыктардан пайда болгон көйгөйлөрдү чечип келет.

Биздин студенттерибиздин 95 пайызынан көбүрөөгү айыл жергесинен. Демек бул жагдай да биздин окуу жайдын коом алдында татыктуу билим берүү милдеттерин жана  жоопкерчиликтерин жогорулатат деп ойлойбуз.

Элет жергесиндеги жана тоолуу аймактардагы мектеп көйгөйлөрү ОГПИ менен байланыш аркылуу чечилип, оң натыйжаларын берген учурлар арбын.

Педагогикалык практикалардын сапаттуу уюштурулушу,  көзөмөлдөнүшү мектеп мугалимдеринин турмушу менен жакындан таанышып, аларга көмөктөшүүгө, тажрыйба бөлүшүүгө милдеттендирилинип келет. Бүтүрүүчүлөрүбүздүн 70-80 пайызы өз кесиптерин аркалап айылдык мектептерге мугалим болуп ийгиликтүү иштеп келишүүдө. Социалогиялык иликтөөлөрүбүздүн жыйынтыктары көрсөткөндөй айыл жергесиндеги мектептердин биздин бүтүрүүчүлөрүбүздүн билимине ж.б. мугалимдик кесипке болгон даярдыктарына болгон ишенимдери жогору. Дайыма биздин окуу жайдан ар кандай усулдук жаңылыктары, окутуунун жаңы технологиялары боюнча семинарларды, тренингдерди өткөрүп берүүнү суранып келишет.

Билим берүү реформасынын иш чараларынын алкагында айыл мугалимдерин даярдоонун өзгөчө шарттарына көңүл бөлүп, Ош гуманитардык-педагогикалык институту Ош областынын Чоң-Алай, Кара Кулжа жана Кара-Суу  райондоруна,  Баткен областынын Баткен районуна жана Жалал-Абаттагы Аксы районуна окуу жайдын аймактык дистанттык билим берүү борборлорун уюштурган. Бул борборлор компьютердик технологиялар менен жабдылып дистанттык бөлүмдө окуган студенттер, райондун тургундары ошол борборлор аркылуу маалымат ала тургандай шарттар түзүлгөн.

ОГПИде студенттерге билим берүү боюнча 4 илимдин доктору, профессорлор, 39 илимдин кандидаты, доценттер, 18 илимдин магистерлери, 70 Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктылары, 5 Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыктылары, 4 спорттун чебери,  65 улук окутуучу, 118 окутуучулар  жана белгилүү усулчу педагогдор  татыктуу эмгектенишүүдө.

Окуу процесси электрондук башкарууга өткөрүлүп, студенттердин билими компьютер аркылуу жүргүзүлөт. Сабактардын өтүлүшүн ж.б. коомго жат көрүнүштөрдү азайтуу максатында кааналарына жана залдарына видео көзөмөл орнотулган.

 

 

Заманбап технологиялар

 

Материалдык–техникалык базасын чыңдоо, окутуучуларга жана студенттерге заманбап шарттарды түзүү максатында окуу жайдын өздүк каражатынын эсебинен жаңы окуу имараты куруулуп, быйылкы окуу жылына пайдаланууга берилди.

Учурда ОГПИде студенттер үчүн  заман талабына жооп берген  4 окуу корпусу, 650 орундуу студенттик жатакана, жогорку ылдамдыктагы интернет менен жабдылган 13 компьютердик залдар, 2 виртуалдык лаборатория, 25 компьютерден турган 1 электрондук китепкана,  40 компьютерден турган дистанттык билим берүү жана тестирлөө борбору,  интерактивдүү доскалар менен жабдылган 15 заманбап мультимедиялык кааналар,  видеопроекторлор менен жабдылган 15 лекциялык залдар, 150 орундуу 3 окуу залдары, китепкана, 2 спорттук, 1 гимнастикалык, 1 күрөш залы, 2 теннистик корт, 3 студенттик ашкана кызмат көрсөтөт. Мындан тышкары Эгемендүү Кыргызстан борбору, Улуттук рух борбору, Тилди итенсивдик өнүктүрүү борбору, Музыкалык маданий-эстетикалык борбору, Окутуунун инновациялык технологиялары борбору,  Айтматов таануу борбору, Экологиялык борбор, Лидерликке үйрөтүү борбору,  Медия борбору,  Жандуу бурч борбору, Америка таануу борбору, Манастаануу борбору, Этнопедагогика жана тарых борбору, «Эрк» спорт клубу жана ондогон  студенттик дебат, дискуссиялык, чыгармачыл, илимий клубдар, ийримдер иш жүргүзөт.

Студенттердин эркин ой жүгүртүү, сөз эркиндигин колдоо багытында «Таалим» усулдук журналы, «Студ kg» газетасы, «Мурас» студенттик телестудиясы, «Мырзалар» вокалдык эстрадалык тобу, «Айымдар»  вокалдык тобу, «Өмүр жазы» вокалдык тобу, «Ак бийке» бийчилер тобу,  улуттук маданиятыбызды өркүндөтүү багытында иштеп жатат. Спорттун 12 түрү боюнча секциялар ырааттуу түрдө иштеп келе жатат.

90 жыл аралыгында окуу жайда өтө масштабдуу, бай тажрыйба топтолду, педагог адистерди даярдоо ишине бараандуу саалым кошту, билим берүү мейкиндиги кеңейди. Билим берүү салттары калыптанып, өркүндөдү, ар тараптуу өнүгүп, материалдык-техникалык базасы чыңдалды, профессордук-окутуучулук курамдын илимий потенциалы жогорулады. ОГПИ традициялуу, классикалык  билим берүү менен кошо жаңы инновациялык технологияларды айкалыштырып, билим берүүнүн эл аралык стандарттарына умтулууда.

ОГПИ билим берүү системасындагы  учурдагы ордун эске алуу менен 2013-жылы аймактык стратегиялык мааниси бар педагогикалык окуу жайлардын катарына киргизилген, мекенибиздин келечеги болгон жаш муундарга педагогикалык адистик берүүчү, ар тараптуу өнүктүрүүчү, интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуучу, жан дүйнөсүнө адамгерчилик сапаттарды калыптандыруучу окуу жай.

 

2017-2018-окуу жылындагы акы  төлөмдөрдүн өлчөмдөрү

Жогорку билим үчүн

Окуу формасы

күндүзгү

cырттан

1

Физика-математикалык билим берүү

(профили «Математика»)

Негизги тест, математика

22000

18000

2

Физика-математикалык билим берүү

(профили «Информатика»)

Негизги тест, математика

22000

18000

3

Табият таануу илимдерин окутуу

(профили  «Биология»)

Негизги тест, биология

22000

18000

4

Табият таануу илимдерин окутуу

(профили  «География»)

Негизги тест

22000

18000

5

Табият таануу илимдерин окутуу

(профили «Химия»)

Негизги тест, химия

22000

 

6

Экология жана жаратылышты пайдалануу

Негизги тест, химия же биология

22000

18000

7

Социалдык-экономикалык билим берүү (профили «Тарых»)

Негизги тест, тарых

22000

18000

8

Социалдык иш жүргүзүү

Негизги тест, тарых

22000

18000

9

Педагогика:

Башталгыч билим берүү

Негизги тест, тарых же биология

22000

18000

10

Педагогика:

Мектепке чейинки билим берүү

Негизги тест, тарых же биология

22000

18000

11

Филологиялык билим берүү

(профили   «Англис тили»)

Негизги тест, англис тили

24000

 

12

Филологиялык билим берүү

(профили  «Кытай тили»)

Негизги тест

22000

 

13

Билим берүүнүн менеджменти

Негизги тест, математика

22000

18000

14

Филологиялык билим берүү

(профили «Кыргыз тили жана адабияты»)

Негизги тест, тарых

23000

18000

15

Филологиялык билим берүү

(профили «Орус тили жана адабияты»

Негизги тест, тарых

23000

18000

16

Дене тарбия

24000

20000

17

Көркөм билим берүү (музыка)

22000

 

18

Психология        Негизги тест

22000

18000

 

 

Атайын орто кесиптик билим үчүн:

Окуу формасы

күндүзгү

cырттaн

1

Дене тарбия

14 000

 

2

Башталгыч класстарды окутуу

17 000

18 000

3

Мектепке чейинки билим берүү

17 000

18 000

4

Компьютердик тармак жана комплекстер (тармактар боюнча)

16 000

 

5

Социалдык иш

16 000

 

6

Менеджмент (тармактар боюнча)

16 000

 

7

Финансы (тармактар боюнча)

17000

 

 

 

Ош гуманитардык-педагогикалык институтуна 2017-2018-окуу жылына жогорку билим үчүн абитуриенттерди кабыл алуунун

ЭРЕЖЕЛЕРИ. erezhele-2017-2018-zhogorku.pdf [113,61 Kb] (cкачиваний: 39)  

2017-2018-окуу жылына Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун КОЛЛЕДЖИНЕ студенттерди кабыл алуунун

ЭРЕЖЕЛЕРИ. 2017-18-erezhe-kolledzh.pdf [74,07 Kb] (cкачиваний: 16)  

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин электрондук дареги:
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2017 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro