Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » Агартуу майданындагы 90 жыл
26 январь 2016
3 129

Агартуу майданындагы 90 жыл

Агартуу майданындагы 90 жыл.

 

 

 

2015-жылы Ош гуманитардык-педагогикалык институту 90 жылды аркалап, быйыл мааракесин өткөрдү. Байыркы Ош шаарында XX кылымдын биринчи чейрегинде түзүлгөн окуу жай өзүнүн тарыхында педагогикалык адистерди даярдоо миссиясын өзгөрткөн жок.

1925-жылы ачылган педагогикалык техникум  90 жылдын ичинде ар түрдүү себептер менен бирде ачылып, бирде жабылып, учурда мыкты окуу жай катары  ОГПИ деген деңгээлге чейин   өсүп жетти. Ушул мезгил аралыгында ОГПИ билим берүү тармагында 35 миңден ашык адистерди даярдады.

Билим берүү майданында келечек муундарга заман талап кылган даражада билим берүү максаты менен алдыга озунуп келаткан уюткулуу Ош гуманитардык-педагогикалык институту ички мазмуну менен сырткы турпаты төп келип, агартуу ишинде өз милдетин аткарып келет. Окуу жайдын аталышындагы «гуманитардык» деген статус бүгүнкү мезгилде өз мүдөөсүн ишке ашырып, билим алып жаткан жаштарды  ак дилдикке, элдик нарк-насилди уютку туткан таалим-тарбияга, алдыңкы тажрыйбалуу илим-билимге  багыттоодо.

Жогоруда белгиленгендей Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун тарыхы 1925-жылы ачылып, Түштүктөгү эң алгачкы педагогикалык окуу жай катары башат алгандан башталат. Кыргызстандагы эл агартуунун алгачкы жылдарынан тартып билим берүү мекемелеринин арасында өзүнүн ордун, ой-мүдөөсүн билдирип, келечек максаттарын багындырып келе жаткан бул окуу жай 90 жылдык бай тарыхты өз башынан кечирди. Албетте, кылымга тете мезгил аралыгында бир топ алгылыктуу иш тажрыйбага ээ болуп, окутуп-тарбиялоонун элдик үлгүсүн заманбап билим берүү менен эффективдүү жуурулуштура алгандыгын көрүүгө болот. Бүгүнкү күндө  Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун 70 пайыз бүтүрүүчүлөрү иш менен камсыз болуп, Кыргызстандын түштүгүндөгү тоолуу райондор, айыл-кыштактарындагы мектептердеги кадр маселесинин чечилишине өбөлгө болууга жетишти.

Ал эле эмес, атайын окуу жайдын жетекчилигинин демилгеси менен Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарындагы райондук билим берүү башкармалыктары менен тыгыз иштешип, айыл мектептериндеги мугалимдердин билимин өркүндөтүү, билим берүү сапатын жогорулатуу максатында усулдук жардамдарды уюштуруп келет. Бул иш чаранын алкагында институттун тажрыйбалуу педагогдорунан түзүлгөн топ Баткен, Чоң-Алай, Чаткал, Ноокат райондорунун мектеп мугалимдери үчүн атайын окутуунун, тарбия берүүнүн алдыңкы тажрыйбаларын жайылтуучу курс, семинарларды уюштуруп келишет. Жүргүзүлгөн иш-чаранын канчалык деңгээлде натыйжалуу экендигин жер-жерлердеги мектеп мугалимдеринин, билим берүү башкармалыктарынын өкүлдөрүнүн ыраазычылык каттары менен мындай иш-чаралардын жыл сайын өткөрүлүп турушун суранган өтүнүчтөрүнөн байкоого болот.

                Улуттук таалим-тарбиянын жеткиликтүү болбой, аксап турган убагында ОГПИде өткөрүлгөн «Билим берүү процессинде окутуунун жана тарбиялоонун сапатын жогорулатуу маселелери» (2012-жыл, 25-апрель), «Этнопедагогика жана тарых: абалы жана келечеги» (2013-жыл, 18-май) аттуу Республикалык деңгээлдеги илимий-практикалык конференциялардын өткөрүлүшү окуу жайдын келечекке карай багытын көрсөтүп турат. Айрыкча, этнопедагогика менен кыргыз тарыхынын актуалдуу маселелерине арналган  илимий иш чаралар коомчулукта кызуу талкууну  жаратып, натыйжада бир топ алгылыктуу чечимдердин кабыл алынышына  түрткү берди. Билим берүүдө элдик тарбиянын орду чоң экендигин, кыргыз тарыхындагы чечилбей келген талаш маселелерди туура багытта изилдөөгө алуу зарыл экендигин көздөп, алгачкы жолу Ош гуманитардык-педагогикалык институту «Этнопедагогиканы изилдөөнүн теориялык методологиялык маселелери» деген аталышта окуу жайлар арасында өткөрүлгөн жаңы  илимий долбоорлордун сынагына катышып, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Илим жана илимий-техникалык маалыматтар башкармалыгы» тарабынан түзүлгөн  комиссия тарабынан мыкты долбоор деп табылып, колдоого ээ болду. Бул долбоордун алкагында институтта «Этнопедагогика жана тарых» аттуу каананын ачылышы, долбоордун иши ийгиликтүү башталгандыгын далилдейт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Белгилүү манасчы Жусуп Мамайдын кыргыздардын тарыхый жана маданий мурастарын сактоо ишине кошкон салымы»  жөнүндөгү жарлыгын ишке ашыруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн атайын тапшырмасы менен Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда  95 жылдыкка арналган,  кылым жашаган улуу  манасчы Жусуп Мамайдын  кыргыздын руханий дөөлөтүн ичине батырган «Манас» эпосунун  сакталып калышына арналган «Жусуп Мамайдын «Манас» эпосун мурас катары сактап калууга кошкон салымы» аттуу республикалык илимий-практикалык конференция да коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынды. Аталган конференцияга манасчы Жусуп Мамай мекендеген Кытай Эл республикасынан «Манас» эпосун  изилдөөчүлөр, окумуштуулар  келип катышып, илимий көз караштарын, пикирлерин баяндап беришти. 

Андан сырткары ОГПИ 90 жылдык маакесин утурлай  Германия Эл аралык кызматташтык коому (GIZ) менен биргеликте өткөрүлгөн

«Азыркы коомдук-маданий шартта үзгүлтүксүз билим берүүнүн проблемалары» аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференция Кыргызстандангы эле эмес, башка чет өлкөнүн окуу жайлары менен болгон байланышты чыңдайт.

«Манас» эпосунун тарбия берүүдөгү ролун күчөтүү максатында окуу жайда «Манастаануу» борбору уюштурулуп, бүгүнкү күндө студенттерге кызматын көрсөтүп келет. Андан сырткары түштүктөгү акын-жазуучулардын чыгармачылыгын жайылтуу жана мамлекеттик тилдин мыйзамдарынын жер-жерлерде натыйжалуу аткарылышын көздөө үчүн эл акыны, улуттук тил комиссиясынын төрагасы Эгемберди Эрматов атындагы каана ачылып, зарыл болгон каражаттар менен жабдылган. Ошону менен бирге Мамлекеттик тилге мамлекеттик көз карашта, эң жогорку деңгээлде улук окутуучулар Г.И Көлбаева, Н.Ш. Танаевалар жетектеген  заманбап  «Мамлекеттик тил борбору» ачылды.

Жогорку билим берүүчү мекеме деген статуска ээ болуу үчүн, албетте илимий кызматкерлердин көрсөткүчү маанилүү орунда турат.  2002-жылы Кыргыз Өкмөтүнүн токтому менен Ош жогорку колледжи – Ош гуманитардык-педагогикалык институт деген статус берилген. Жогорку окуу жай деген статуска  ээ болгон учурдан тартып, бүгүнкү күнгө чейин институтта эмгектенген илимий даражалуу кызматкерлердин саны  өсүп баратканы ачык байкалат. Алсак, алгачкы жылдарда (2002-2007-ж.ж.) окуу жайдын илимий дарамети  10го жетпеген кызматкерлер менен чектелсе, бүгүнкү күндө илимий даражалуу кызматкерлердин саны 52ге жетти. Кызматкерлердин басымдуу бөлүгү педагогикалык багыттагы илимий даражага ээ болушу да окуу жайдын миссиясына, көздөгөн максатына төп келет.

Билим берүүдөгү эл аралык тажрыйба алмашуулар, кызматкерлердин жана студенттердин тажрыйбасын эл аралык деңгээлде жогорулатуу максатында да бир топ иштер жүргүзүлүп келет. Бүгүнкү күндө ОГПИ менен Түркиянын Кастамону университети, Кытай Эл Республикасынын Синьзцянь педагогикалык окуу жайы, Санкт-Петербург мамлекеттик психология жана социалдык иштер институту, Урал мамлекеттик педагогикалык университети, Пермь мамлекеттик гуманитардык-педагогикалык университети  менен эки тараптуу кызматташууга келишимдер түзүлүп, аталган окуу жайларга окутуучулар менен студенттер тажрыйба алмашуу багытында окууга жиберилип турат. Айрыкча институтта даярдалган кытай тили адистигинин студентери  үчүн Кытай Эл Республикасынын Синьзцянь педагогикалык окуу жайы менен түзүлгөн кызматташтык өз жемишин берип, студенттерге чет элден билим алууга  мыкты шарттар түзүлүүдө. Өзгөчө белгилеп кете турган жагдай биздин окуу жай КМШ мамлекеттеринин педагогикалык ЖОЖдордун ассоцациясына мүчө болуп кирди. Бул ассоцациянын алкагында мындан ары жогоруда аты аталган кызматташуу жүргүзүлгөн  эл аралык жогорку окуу жайларынын саны артат. Келечекте заманбап билим берүүгө арналган долбоорлорду ишке ашыруу пландаштырылып, эл аралык масштабга чыгуу милдети артат.

Заманбап билим берүү натыйжалуу болушу үчүн албетте окутуу процесси жаңы техникалык каражаттар менен жабдылышы шарт. Жаңы үлгүдөгү  окутуп-тарбиялоонун шарттарына ылайык окуу жайдагы кааналар, электрондук китепкана  акыркы үлгүдөгү компьютерлер, интерактивдүү доскалар жаңы техникалык каражаттар менен жабдылып келет. ОГПИнин Окумуштуулар кеңешининин чечими менен «Мультимедиялык технологиялар жана дистанттык билим берүү» борбору түзүлүп,  дистанттык бөлүмдө окуган алыскы райондордун студенттери үчүн интернет аркылуу окууга шарт жаралды. Аксы, Чоң-Алай, Баткен райондоруна ОГПИнин аймактык дистанттык билим берүү борборлору түзүлдү. Студенттик турмушта студенттик жатакананын болуусу, андагы түзүлгөн шарттын мааниси чоң. Учурда биздин жатакана студенттер шаарчасындагы заманбап үлгүдө жасалган, жашоо үчүн бардык шарттар түзүлүп, оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн жападан жалгыз жаштардын борборуна айланды.

ОГПИнин тарыхында спортко шыгы бар студенттер республикада өткөрүлүүчү спорттук оюндарга активдүү катышып, алдыңкы байгелерге ээ болуп келген. Учурда спортко кызыккан студенттердин шыгын өстүрүү максатында институтта гимнастикалык зал, спорттук аянтча, спорт залы, теннис аянтчасы заманбап талаптарга ылайык жабдылган. Аталган спорттук кааналардын иши өз жемишин берип,  республикалык студенттик универсиядада  спорттун жети түрү боюнча окуу жайлар арасында экинчи орунду камсыз кыла алдык. Андан сырткары ОГПИнин студенттери чыгыш спорт өнөрү боюнча Эл аралык масштабда Түркия мамлекетинде өткөрүлгөн мелдеште биринчи орунду багынтып келишти.

Акыркы жылдарда студенттердин контигентинин кескин өскөндүгүнө байланыштуу, кошумча окуу имаратынын зарылчылыгы келип чыкты. Бул муктаждыкты чечүүдө, Ош гуманитардык-педагогикалык институту өзүнүн ички каражатынын эсебинен жаңы окуу имаратынын курулушун баштап, мындан ары да өнүгүү жолунда бараткандыгын айгинеледи. Курулуш иштери 2015-2016-окуу жылына бүткөрүү пландаштырылып, президентибиз А. Атамбаевдин колдоосу менен Өкмөттүн бюджетинен 10 миллион сом акча каражаты бөлүнүп, окуу имараты колдонулууга берилип отурат.

Аз убакыттын аралыгында эле аткарылып жаткан иштерди санап өтүп Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун коом алдындагы – Кыргыстандын орто мектептери үчүн сапаттуу педагог адистерди даярдоо деген  негизги миссиясын натыйжалуу аткарып келе жаткандыгына ынанып,  алдыга карай умтулган өжөр кадамына ынанасың. Максатына жараша өлкөбүздүн келечеги болгон жаш муундарга педагогикалык адистик берүүчү, жан дүйнөсүндө адамгерчиликтүү мыкты сапаттарды калыптандыруучу абройлуу окуу жайдын баскан кадамы байсалдуу болсун деп тилек кылалы.

























 

Сайтка берген окуу жайдын пресс катчысы:

Момонов Зайнидин Жетимишович

 

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин электрондук дареги:
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2017 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro