Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » Кыргыз-Россия факультетинин декандык кызмат ордуна конкурс жарыяланат
3 март 2019
185

Кыргыз-Россия факультетинин декандык кызмат ордуна конкурс жарыяланат

Кыргыз-Россия факультетинин декандык кызмат ордуна конкурс жарыяланат

 

          Ош гуманитардык-педагогикалык институту КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы №346 токтому менен бекитилген КРдин жогорку окуу жайларынын окутуучулук-профессордук курамын кызмат орундарына жумушка кабыл алуу тартиби жөнүндөгү Жобого жана ОГПИнин факультеттеринин декандарын шайлоо тартиби жөнүндөгү Жобого ылайык Кыргыз-Россия факультетинин декандык кызмат ордуна 2019-жылдын 5-мартынан баштап конкурс жарыялайт.

          Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтер кабыл алынат:

  • ректордун наамына арыз;
  • паспорттун көчүрмөсү;
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
  • жогорку билими, окумуштуулук даражасы, илимий наамы тууралуу документтердин кадрлар бөлүмү тарабынан тастыкталган көчүрмөлөрү;
  • таржымал;
  • талапкерлерди сунуштоо жөнүндөгү кафедранын отурумунун (факультеттин окутуучулук-профессордук курамынын жалпы жыйынынын) протоколунан көчүрмө;
  • жарыяланган илимий жана окуу-усулдук эмгектердин белгиленген тартипте тастыкталган тизмеси;
  • факультетти өнүктүрүү программасы.

Документтерди кабыл алуу жайы:

          714003, Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Н. Исанов көчөсү 73.

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун башкы окуу имараты, 106-каана.

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү:

          2019-жылдын 5-мартынан баштап 2019-жылдын 5-апрелине, саат 17.00гө чейин.

          Факультеттин деканын шайлоо график боюнча 2019-жылдын 13-апрелинде өткөрүлөт.

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro