Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » » Жогорку математика жана МОУ кафедрасы
11 январь 2018
22

Жогорку математика жана МОУ кафедрасы

«Жогорку математика жана МОУ»  кафедрасы

 

 

Кафедранын девизи:  “Математиканы үйрөнүү керек, анткени ал акылды тартипке келтирет”- дегендей  математиканы ар тараптуу терең үйрөнүү.

 

Кафедранын миссиясы: ОГПИнин миссиясына туура келген билим берүү рамкасына ылайык учурдун талабына жооп берген ар тараптуу, терең билимдүү адистерди даярдоо.

Кафедранын максаттары жана функциялары:

- Студенттерди окуу  усулдук адабияттар менен камсыздоо;

-Окуу усулдук иштелмелерди, публикацияларды иштеп чыгууга   кафедранын мүчөлөрүн багыттоо;

-ОГПИ нин илимий  багыттагы иштерине активдүү катышуу;

- Кабинеттерди , коридорлорду жасалгалоо;

- Окутуучулар жана студенттер үчүн илимий изилдөө иштерди жүргүзүүчү   каана ачуу жана жасалгалоо;

- кафедранын мүчөлөрүнүн илимий потенциалын жогорулатууга шарт түзүү;

- Окутуучулардын илимий публикацияларын өз убагында чыгаруу үчүн басмалар менен иш алып баруу;

- Окуу китептерин, окуу усулдук колдонмолорду жазуу боюнча кафедранын мүчөлөрүн милдеттендирүү;

-Кафедранын шаардагы практикага баруучу мектептердин жамааты менен иш алып баруу;

- Традициялык эмес окутуунун усулдарын  жайылтууну компьютердик техниканы колдонуу менен байланыштыруу;

- Мектепте, мугалимдердин билимдерин өркүндөтүү институтунда окутуунун жаңы усулдары менен ыкмалары боюнча лекцияларды  өтүп туруу;

- Республиканын чегиндеги жана башка мамлекеттеги жогорку окуу жайлар,илимий борборлор менен байланышып,профессордук окутуучулар жамаатынын билимин өркүндөтүү курстарына, аспирантурага жана докторантурага системалуу жөнөтүп туруу;

-Жогорку билим берүү тайпаларында рейтинг системасына толук өтүүнү пландаштыруу;

- Студенттердин илимий иштери болуп эсептелинген дипломдук жана курстук иштердин сапаттуулугу боюнча ачык коргоолорду жүргүзүү.

 

 

Кафедранын тарыхы

 

                                                             Тарых менен ташты  да  эзсең болот,

                                                             Тарых менен тагдырды да кезсең болот.

 

       "Жогорку математика жана математиканын окутуунун усулу " кафедрасы 1997-жылы 27-августта "Фундаменталдык илимдер" кафедрасы деген ат менен түзүлгөн. Кафедрада атайын билим берүү жана жогорку билим берүүдөгү тиешелүү предметтер: Жогорку математика, МБКН, МОУ, физика, информатика.       

       Кафедрада илимий иштер эки багытта жүргүзүлөт. 

1-багыт. “ Башталгыч  жана орто билим берүүдө математика боюнча окуучулардын чыгармачылык ишмердүүлүгүн өстүрүүнүн дидактикалык  негиздери” аттуу проблеманы изилдөөгө арналып,  аны п.и.к.,профессор      С. М. Мадраимов жетектейт. С.М. Мадраимовдун жетекчилиги менен ОшТУнун окутуучусу Д. Култаева, ОГПИнин окутуучусу Д. Тагаевалар илимий иштерин коргошкон. Бул проблема мындан ары дагы улантулууда.

2-багыт. “Жогорку математика предметине тиешелүү адистиктин проблемалары менен байланыштарып окутуу” проблемаларын изилдөөгө арналып, педагогика илимдеринин   кандидаты, кафедранын доценти

З. Абдывасиева жетектейт.                                                                                                                                                                                                                                                                                         

    2004-2005-жылдары аталган кафедраны жетектөөгө Абдывасиева Зырапа дайындалган.

Кайрадан 2006-жылы 11-февралда № 07-02.17. буйруктун негизинде “Жогорку математика жана МОУ” жана “Информатика жана эсептөө техникасы” кафедралары биригип “Жогорку математика жана информатика” кафедрасы деп аталып, ага Ош жогорку колледжинин окуу иштери боюнча проректору п.и.к., доцент  С.М. Мадраимов дайындалган.  Бир аз убакыттан кийин кафедранын ага окутуучусу  К.Т. Турдубаева жетекчиликке дайындалат.

      2007-жылы кафедраны кайрадан З.Абдывасиева жетектей баштайт.

З. Абдывасиева кафедранын мугалимдери менен 10-жыл  ийгиликтүү иш алып барат.

      2017-жылдын 26-апрелинде  профессор С. М. Мадраимов  ваканттык бош орунга конкурска катышып, көпчүлүк добуш менен "Жогорку математика жана МОУ" кафедрасынын башчысы болуп дайындалды. Азыркы учурда кафедранын мугалимдери менен биргеликте иш алып барууда.

      Учурда кафедранын   окутуучулары факультеттерде математика жана физика предметтерин , “математика” адистигиндеги предметтерди  окутуп келишүүдө. 

       Кафедрада жалпы 12  мугалим эмгектенет  анын ичинен:  көмөкчү окутуучулар ф.м.и.д., профессорлор - 2,  илимий наамы жана даражасы бар штаттык  профессордук окутуучулук курамдын саны - 3, ага окутуучулар 4, окутуучулар – 2, лаборант -1.

       Жалпысынан илимий даражалуулар кафедранын 41% түзөт.

    

                                               

Кафедранын байланыштары:

  1. МГПУ МОУ кафедрасы
  2. ОшТУ Жогорку математика кафедрасы
  3. КМУУ МОУ кафедрасы
  4. ОшСоцУ Жогорку математика кафедрасы
  5. ФерМУ МОУ кафедрасы
  6. ОшМУ МОУ кафедрасы
  7. АиМУ МОУ кафедрасы
  8. КММУ МОУ кафедрасы

 

Кафедранын өндүрүшүк байланыштары:

  1. №2 К. Маркс
  2. №5 Ж. Бөкөнбаев
  3. №18 А. Навои
  4. №33 С. Алыкулов
  5. №31 К. Датка
  6. №14 ССРдин 60 жылдыгы
  7. №38 Б. Алыкулов
  8. №7 Нариман
  9. №50 П. Нышанов
  10. №37 Г. Айтиев

  Даярдалуучу адистиктер

 

  • Математика мугалими

 

Кафедранын структурасы.

 Кафедра башчысы: п.и.к., проф. Мадраимов С. М.

  1. Кафедра башчысынын орун басары, катчы: магистр Маткеримова Т.
  2. Кафедранын илим иш боюнча жетек: ага окут, магистр Маматова З.
  1. Кафедранын кесиптик кошунунун жетекчиси: ага окутуучу, магистр Алиева Ж.
  2. Кафедранын окуу- усулдук иштеринин жетекчиси: п.и.к., доцент Абдывасиева З.
  3. Кафедранын практика боюнча жетекчиси: ага окутуучу, магистр Исакова В.
  1. Кафедранын математикалык кружогунун жетекчиси: ага окутуучу, магистр Султанова Н.

 

“Жогорку математика жана

“Жогорку математика жана МОУ” кафедрасында эмгектенген окутуучулардын сабак учурундагы көрүнүштөрү.

  

Г. Байышова студенттер менен

 

Усулдук кеңештеги талкуу

 

Кафедра башчысы п.и.к., проф. С.М. Мадраимов  МОУ предметинен лекция окуп жаткан  учуру

 

Кафедранын ага окутуучусу, магистр В. Исакова  математикалык маселелерди чыгарунун практикуму  сабагында

 

Кафедранын магистр окутуучусу  Т. Маткеримова Ми-16 тайпасына сабак өтүп жаткан мезгили

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 Кафедранын  ага окутуучусу, магистр Ж. Алиева Кми-17 тайпасында  сабак учурунда

 

П.и.к., доцент  З. Абдывасиева Ми-16 тайпасында алгебра сабагы учурунда

 

Кафедранын  ага окутуучусу, магистр  Н. Султанова  сабак учурунда

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2017 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro