Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » » Тарых кафедрасы 3
7 май 2019
233

Тарых кафедрасы 3

 2019- жылдын  25- январь күнү  Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун ректору Зулуев Бекмурза Бекболотовичти 13.00.01-жалпы  педагогика,  педагогиканын  жана  билим берүүнүн  тарыхы  адистиги боюнча “ XIX кылымдын   экинчи жарымындагы  жана   XX  кылымдын  башындагы  билим  берүү   тармагынын  тарыхый  өнүгүшү  (Фергана өрөөнүнүн мисалында)”  аталышындагы  педагогика  илимдеринин  доктору  окумуштуулук  даражасын  изденип  алуу  үчүн жазылган  докторлук диссертациясын  ийгиликтүү коргоду .

      

Т- 17 тайпасынын  куратору  Жолдошева  Анара   жатаканада  жашаган  студенттердин  абалы  менен   иш  алып  барды.

Т-18 тайпасынын  куратору  Осмонов  Самарбек  студенттер  менен  биргеликте   Ош  областык  Токтогул  атындагы библиотекага   экскурсия  жасап  келишкен.

 

2019- жылдын   19- март  күнү  Кыргыз элинин улуу майрамы болуп саналган Нооруз майрамында Гуманитардык  факультети тарабынан  уюштурулган   улуттук тамак аштардын ярмаркасы Тарых  адистиги  конкурсуна  катышышты.   Нооруз майрамына карата майрамдык концерт тартууланды.

  

       2018-2019-окуу жылында «Тарых» кафедрасында адистиктер боюнча  2019-жылдын 14-март күнү «Кыргызстан  тарыхы » окуу курсунан  олимпиада өткөрүлдү. Олимпиада жазуу жана оозеки түрдө алынды. Олимпиадага жалпы  11 студент  катышып, өз билимдерин сынашты. Аларга төмөндөгүдөй жыйынтык  чыгарылды:

  1. I. орун – Жеңиш кызы Гулиза
  2. II. орун – Эркебай кызы Кылымбү

III. орун- Тимур кызы  Элнура

 

       2018-2019-окуу жылында «Тарых» кафедрасында адистик  эместер боюнча  2019-жылдын 14-март күнү «Ата  Мекен  тарыхы » окуу курсунан  олимпиада өткөрүлдү. Олимпиадага  Гуманитардык, Кыргыз-Россия, Музыкалык – Педагогикалык, Табият таануу жана География, Математика  жана  жаңы  технологиялар факультеттеринин  2-курстарынын  студенттери катышышты. Олимпиадага жалпы  41 студент  катталып  алардын  ичинен  35 студент  катышып, өз билимдерин сынашты.

Аларга төмөндөгүдөй жыйынтык  чыгарылды:

  1. орунг – Өмар кызы Зуура Ан-17 тайпасы
  2. орун– Мамасали кызы Айдай Ин-17 тайпасы

III. орун- Чолпонбай  кызы  Пери П-17к тайпасы

   

2018-2019-окуу  жылында  «Тарых» кафедрасынын  1-апрелден 10- апрелге  чейин   өтүлүүчү илимий -усулдук  декада  пландаштырылган. Илимий  декаданын  программасы  жана  кайсыл  күндөрү  кандай  иш  чаралардын  өтүлүшү  жөнүндө  кенен  айтылып  маалымат  берилди.

  

График  боюнча бүгүн Тарых кафедрасынын  улук окутуучусу  Садыкова Нургүл эжекебиз ачык сабак өттү. Сабактын  темасы:   Азия өлкөлөрү эки согуш аралыгында 1918-1939 жж.  (лекциялык сабак) окутуучу өзүн эркин алып жүрүү менен сабактын максатын, андагы компетенцияларга токтолду жана көргөзмөлүү ачык сабак деп айтсак болот. Негизинен  Садыкова Нургүл эжеке 10 жылдык мектептик тажрыйбалуу практик окутуучу болгондуктан сабакта интерактивдүү усулдар колдонулду жана көргөзмөлүү ачык сабак болду. Студенттердин активдүүлүгү жакшы, демек лекциялык сабакта  бул тема боюнча кеңири түшүнүк алгандыгы көрүнүп турат. Азия өлкөлөрүндөгү колониалдык басып алуулардын картасын, алардын өнүгүү тенденцияларын жана боштондук үчүн күрөштөрүн чагылдырган билдирүүлөрү слайддан көрсөтүү менен студенттер так анализ жана салыштыруу менен тарыхый сереп жасашты, бул жакшы  саамалык.

   

 

2019-жылдын  2- апрель  күнү    «Диний  агымдардын  Кыргызстандагы  таасири»  деген  темада  талкуу  өттү. Окуу  жайыбызга  Теология  илимдеринин  доктору Ажимаматов  Зайнабидин  жана ага окутуучу, докторант  Зуридинов Өскөн агайларыбыз  диний  агымдардын  таасири  боюнча  маалымат  беришти . Бул  талкууга  студенттер  жана  окутуучулар  катышышты.

 

2019-жылдын  3- апрель  «Теория  - практикасыз  жансыз»  деген аталыштагы  Т-17 тайпасынын  кесиптик –багыттоочу  практикасынын жыйынтыктоочу  конференциясы  болуп  өттү

 

2019-жылдын  4- апрель  күнү « Студенттик  илимий   иштердин  милдеттери, формалары  жана  аларды  уюштуруу»  деген  темада   студенттер  үчүн  илимий  окуу  уюштурулду. Илимий  окууну  т.и.к., доцент  Осмонов С.Ж. окуду. Бул  иш  чарага  Гуманитардык  факультетинин  «Тарых», «Социалдык  иш», «Англис  тили»  адистигинин  студенттери  катышышты.

 

5-апрель  күнү  Иш берүүчүлөр (стейкхолдер)  менен  жолугушуу   «ЖОЖ + мектеп =  сапаттуу  мугалим»  деген  темада  тегерек  стол  болуп  өттү. 

 

6-апрель  күнү  Ата  Мекен  тарыхы  предметин  окуган  студенттерди   Сулайман-Тоо  музейине  эскскурсияга чыгышты

 

8-апрель  күнү  Археология  предмети боюнча «Түштүк  Сибирдеги  темир  кылымы» деген  темада  Т-18 тайпасына  ачык  сабак  өттү

 

2019-жылдын   8-апрель күнү  пландаштырылган  иш  чаралардан  бүгүнку  усулдук- семинар  өтүүда  пландаштырылган.   2019- жыл Аймактарды  өнүктүрү жана  санариптештирүү  жылына  карата  «Тарых   предметин  окутууда   жаңы  технологияларын   колдонуу  усулдары» деген  темадагы  усулдук  семинардын катышуучулары төмөндөгүлөр катышышты.

 Б.Б.Зулуев - ОГПИнин  ректору  п.и.к., профессор

  1. Ураимов Эңсегүл Миңбаевна-  ОИУУнун  тарых, адам 

    жана  коом  кабинетинин  башчысы

  1. Курманалиев   Кубат Аманович – И.Арабев  атындагы  КМУнун  доценти – СКАЙПТЫК  байланыш
  2. Көкөнөв  Бектурсун-  Ош  шаарыкдык  билим  берүү  бөлүмүнүн  тарых боюнча  адиси
  3. Джураева  Жаркынай  Орозбековна-  У.Салиева 

    атындагы  таланттуу  балдар  лицейинин  тарых     мугалими

  1. Касымова  Насиба  Жолдошевна - Ноокат  районундагы  Мырза  Гапаров  атындагы   мектеп   интернатынын   тарых  мугалими 
  2. Арынбаев  Эралы  Калилович  - Маалымат  технологиясы, китепкана жана  электрондук  башкаруу  бөлүмүнүн 

башчысы,  п.и.к., доцент

Төмөндөгү  темалар  талкууланды.

  1.  Санариптештирүүнү  сабакта  колдонуунун  багыттары
  2. Жаңы  технологияны  колдонуунун   эффективдүүлүгү
  3. Заманбап  сабактын  негизги  көйгөйлөрү
  4.  
  5. 9-апрель  күнү  Кандидаттык  ишке  жетектөөчү  мекеме  катары диссертацияны талкуулоо. Сатылганова  Назгүл Айткуловна

  “Эгемендүү  Кыргызстандын  чек  аралык- аймактык проблемаларынын  чечилиши” деген  темада диссертациялык  темасына  талкуу  болду

  

17- апрель  күнү Президенттин  аппаратынын алдындагы  Мурас  фондунун  төрагасы  т.и.к., профессор  К.С.Молдокасымов  «Кыргыз  тарыхы  боюнча  архивдик  жаңы  изилдөөлөр (Кытайдагы, Өзбекстандагы, Казакстандагы  архив  боюнча  маалымат)» деген  темада конок  лекцияда  болду

   

 

2018-2019- окуу жылынын окуу  планына  жана окуу графигине ылайык Гуманитардык факультетинин тарых адистигинин  Т-17 , Т-18  тайпасынын студенттерин 2019-жылдын    3-майдан 5- майга  чейинки      тарыхый –этнографиялык эстеликтерди тааныштыруу   үчүн  Өзбекстан  Республикасынын Коконд  жана   Самарканд  шаарларында практикада  болуп  келишти.

  

 

   

   РАЙОНДОРДУН  МЕКТЕПТЕРИНДЕ  ЖОГОРКУ  КЕСИПТИК   ЖАНА  АТАЙЫН  ОРТО  КЕСИПТИК  АДИСТИКТЕРИНЕ  ОКУУ  ЖАЙЫБЫЗДЫН  2019-2020- ОКУУ  ЖЫЛЫНА  КАБЫЛ  АЛУУ  ҮЧҮН  АБИТУРЕНТТЕРДИ  ТАРТУУ  ЖАНА  КЕСИПКЕ  БАГЫТ  БЕРҮҮ  ИШТЕРИН  ЖҮРГҮЗҮҮ  БАГЫТЫНДА   РАЙОНДОРГО   ҮГҮТ  ИШТЕРИН  ЖҮРГҮЗҮҮГӨ  БАРГАН  ТАРЫХ  КАФЕДРАСЫНЫН  ОКУТУУЧУЛАРЫ  РАЙОНДОРДУН  МЕКТЕПТЕРИНЕ  БАРЫП  КЕЛИШТИ

   

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

  

 

 

 

 

                      

   

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro