Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » » Педагогика кафедрасы
22 январь 2018
131

Педагогика кафедрасы

Кафедранын девизи:

 «Издеген ийгилик жаратат».

 Кафедранын миссиясы:

 «Заманбап педагогикалык кадрларды даярдоонун концептуалдуу жолдорун издөө».

 Кафедранын проблемасы:

 «Педагогикалык предметтерди окутууда элдик педагогиканын элементтерин колдонуу»

 

 

 

  1. Кафедранын негизги милдеттери.

 

  • Окутуучу-профессорлордун окуу усулдук иштерин өркүндөтүү.

 

  • Студенттердин чыгармачылык менен билим алуусу, алардын мүмкүнчүлүгүн өркүндөтүү максатында окутуунун жаңы технологияларын колдонуу.
  • Студенттердин өз алдынча билим алууга умтулуусун калыптандыруу.

 

  • Студенттер арасында тарбиялык иштерди жүргүзүү.

 

  • Илимий иштерди талапка ылайык уюштуруу жана илимий ишке болгон кызыгуусун арттыруу.

 

  • Окуу-усулдук каражаттарды жана маалыматтарды иштеп чыгуу жана жарыялоо.

 

  • Илимий-практикалык конференциялардын иштерине активдүү катышуу жана студенттерди илимий ишке аралаштыруу, тартуу.

 

  1. Кафедранын профессордук окутуучулар курамы.

 

  1. Педагогика илиминин докторлору, профессорлор – 1
  2. Доцент, педагогика илиминин кандидаттары – 5.
  3. Улук окутуучулар – 6.
  4. Окутуучулар - 
  5. Штаттык эмес окутуучулар – 5.
  6. Лаборант – 1.
  7. «Педагогика» кафедрасынын функциялары:

 

  • Мамлекеттин билим берүү стандарттарына ылайык жогорку кесиптик билим берүүнүн проектилерин иштеп чыгып, факультеттин жана институттун окумуштуулар кенешине сунуш кылат.
  • Бекитилген кесиптин билим берүү программаларын ишке ашырат жана мамлекеттик стандарттын нормаларынын сакталышына жооп берет.
  • Окутуунун бардык нормаларында лекциялардын, семинарлардын жеке сабактардын, студенттердин өз алдынча иштерин жогорку илимий-теориялык жана усулдук денгээлде өтүүнү уюштурат;
  • Педагогикалык практиканын түрлөрүн эффективдүү өткөрүүнү уюштурат жана камсыз кылат, курстук жана дипломдук иштерге компотенттүү жетекчилик кылууну камсыздайт;
  • Окутуучулардын илимий-усулдук иштерин уюштурат.
  • Окутулган предметтердин усулдук жактан камсыз болушун ишке ашырат, окуу китептерин, окуу-усулдук колдонмолорду жана башка маалымат материалдарын иштеп чыгат.

 

  1. «Педагогика» кафедрасынын баскан жолу.

 

           Педагогика жана психология кафедрасы 1997-жылы Ош Жогорку Колледжинин базасында түзүлгөн.

           Жаңы ачылган кафедраны окутуучу Даминова Инабат эң алгачкылардан болуп жетектеди. Кафедрада илимдин кандидаттары жана билим берүүнүн мыктылары: психология илиминде өзгөчө орду бар, бир нече психология илими боюнча монография, статьялардын автору А. Ж. Мырсабеков, п.и.к. К.Абдилакимов, п.и.к., доцент Б.Апышевдер алгачкылардан болуп эмгектенишкен жана түздөн-түз чоң салымдарын кошушкан.  Кафедрада тажрыйбалуу алдыңкы практик окутуучулар да иштешкен. Аларга: В.А.Никулина СССРдин атайын орто кесиптик билим берүүнүн мыктысы, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы, С. М. Моисеева – СССРдин жана кыргыз ССРинин билим берүүсүнүн мыктысы, «эмгек ветераны» медалынын ээси, тажрыйбалуу окутуучулар: Унгефухт Н. К.,  Саленкова Г. Я., Миллер О. Е., Юсубахунова Р.,  Исаева З., Тыныстанова Б./., Абдураимова З. С., Даминова И. Д., Шерматова Т. Н.,    Асанова С., Кадырова Т., Онкошева Г., Иманкулова Э. ж.б. эмгектенишкен. Азыркы учурда Иманкулова Э педагогика боюнча илимдин кандидаты, Бишкек Техникалык Университетинде үзүрлүү эмгектенүүдө.

2005 - 2006-окуу жылында п.и.к., профессор Хасанов Т.Х. жетектеди.

2006 - жылдын сентябрынан 2010 - жылдын сентябрына чейин кайрадан п.и.к.  И. Даминова кафедраны жетектеп келди.

2010 - жылдын сентябрь айынан 2015- жылдын июнуна  чейин  КРнын эл агартуусунун мыктысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Смадиярова Зымырат Акуновна жетектеген.

«Педагогика» кафедрасында өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгы боюнча 2015-2016- жылдын 25- инюнунан баштап КРнын эл агартуусунун мыктысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент И. Даминова жетектеп келе жатат.

Азыркы учурда Ош Гуманитардык-педагогикалык институтунун, Музыкалык-педагогикалык факультетиндеги “Педагогика жана жекече усулдар кафедрасы болуп өзгөрүп, кафедра бүтүрүүчү кафедра катары иштеп жатат. Бүгүнкү күндө кафедрада 17 окутуучу иштейт.

Кафедра ««Педагогикалык предметтерди окутууда элдик педагогиканын элементтерин колдонуу»

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2017 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro