Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » » Математика жана информатика
30 январь 2018
106

Математика жана информатика

Кафедранын максаты: Сапаттуу билим, татыктуу тарбия берүү менен мыкты

кесип ээлерин тарбиялоо.

 

Кафедранын девизи: Сапаттуу билим – ийгиликке карай жол!

 

 

 

1.Кафедранын тарыхы жана штаттык көрсөткүч.

 

2002 - жылы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн № 314-чечими менен Ош жогорку колледжи Ош гуманитардык - педагогикалык институту статусун алып жана педагогикалык колледж анын структуралык бөлүмү болуп түзүлгөн.

2002 - жылы педагогикалык колледжде “ Математика, физика жана информатика” секциясы уюштурулуп, секцияны Абдывасиева З. жетектеген.

2003 – 2004-жылдары секцияны Тургунбаева М. жетектеген.

2004-жылы 30-августта педагогикалык багыттагы адистиктен башка да адистиктер кабыл алынгандыктан, ректордун №110 буйругу менен педагогикалык колледж  колледж болуп өзгөртүлдү.

2004-2006- окуу жылдары секцияны Мамарасулова А. жетектеген.

2006-жылдын сентябрь айынан баштап “Табият таануу”,  “ Математика, физика жана информатика” секциялары биригип, “Табигый илимдер” секциясы деп аталып, секция жетекчилигине К.У.Нурмаматова дайындалган.

2015- жылдын 1-сентябрынан ректордун буйругунун  негизинде  “Табигый илимдер” секциясы, “Табигый илимдер” кафедрасы деп аталды.

2016-жылдын 15- сентябрынан ректордун № 07-01.06 §3 буйругунун негизинде “Табигый илимдер” кафедрасынан , “Компьютердик системалар жана комплекстер” адистигине тиешелуу предметтер, математика, информатика, физика предметтери болунуп алынып, “Информатика жана математика” кафедрасы тузулуп, кафедра башчысы болуп Н.А. Сооронбаева дайындалды. Кафедрада 23 окутуучу эмгектенет. Анын ичинен: 12 математик, 2 физик, 9 информатик жана 1 лаборант.

2 педагогика илимдеринин кандидаты,  доцент – Байышова Г.Ж. жана Абдывасиева З.А.  2  “Эл агартуунун мыктысы “ - Миңбаева А. жана Мамарасулова А. 9 магистр - Сооронбаева Н., Алиева Ж., Исакова В., Жусупбек кызы Ж., Бөрүбаева К., Малабеков М.,  Калыева Н.,  Жумашева Л., Аркалыкова Э. эмгектенишүүдө.

 

  1. Кафедранын милдети жана кызматы:

 

  1. Кафедранынматериалдык-техникалыкбазасын көтөрүү;
  2. “Компьютердиксистемалар жана комплекстер»адистиги үчүн компьютердик класстарды көбөйтүү жана атайын мастерскаяларды ачуу;
  3. Окуу предметтери боюнча лабораторияларды түзүү жана камсыздоо;
  4. Окуу-усулдук иштелмелерди, публикацияларды иштеп чыгууга кафедранын мүчөлөрүн активдүү багыттоо;
  5. Окутуунун жаңы усулун жайылтууну компьютердик техниканы колдонуу менен байланыштырууга жетишүү;
  6. Билим сапатын көтөрүү боюнча студенттер арасында олимпиадаларды өткөрүү, кружокторду иштетүү, чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн көтөрү\;
  7. Окуу-усулдук иштелмелерди жана илимий макалаларды жазуу.
  8. Республиканын чегиндеги жана башка мамлекеттеги жогорку окуу жайлар менен байланышып профессордук-окутуучулук жамааттын тажрыйбасын арттыруу;
  9. Шаардагы мектептер жана өндүрүштөр менен байланышты бекемдөө аркылуу тажрыйбалык навыктарын көтөрүү;
  10. Студенттерди илимий-изилдөө иштерге тартуу.

 

 

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro