Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » » Экология жана туризм кафедрасы
11 январь 2018
531

Экология жана туризм кафедрасы

«Экология жана жаратылышты пайдалануу»  кафедрасынын тарыхы.

 

        Адегенде   Ош гуманитардык – педагогикалык институтунун Окумуштуулар кенешинин 29.08.2009-жылдагы кенешмесинде каралып, талкууланып ректордун Б.07.02.09. буйругунун негизинде Билим берүү менеджменти жана туризм факультетинин базасында «Экология жана туризм» кафедрасы болуп түзүлгөн.

  Аталган кафедра 2016-жылдын 15-сентябрында окуу жайдын ректорунун  буйругу менен (Буйрук №07-01.06) Институттагы структуралык өзгөрүүлөргө байланыштуу Билим берүү менеджменти жана туризм факультети жоюлуп, жогоруда аталган «Экология жана туризм» кафедрасы Табият таануу жана география факультетине кошулуу менен  кайрадан «Экология жана жаратылышты пайдалануу» кафедрасы болуп түзүлгөн.                               

Бүгүнкү күндө кафедрада 3 илимдин кандидаты, доцент-профессорлор, 2 магистр, 3 магистрант эмгектенишүүдө.

Кафедрада эмгектенген профессордук-окутуучулук курам «Экология», «Экология жана жаратылышты пайдалануу» адистиктери боюнча жогорку  жана бакалавр академиялык даражасын алуу үчүн квалификациялуу адистерди мезгил талабына ылайык инновациялык жана интерактивдүү усулдарды пайдалануу менен даярдап келүүдө.

 

  

Кафедранын даярдаган адистиктери

 

«Экология  жана жаратылышты пайдалануу» адистиги: 520800  жана  «Экология» -  511101 адистиктери даярдалууда.

 

  1. Кафедранын илимий багыты:

 

        Кыргызстандын Түштүгүндөгү кооз табигатты экологиялык туризм тармагында өнүктүрүү жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу.

 

  1. Кафедрадагы илимий борборлор, кружоктор.

 

          Кафедрада  “Экология” жана «Экология жана жаратылышты пайдалануу»  адистигинде билим алып жатышкан студенттердин  билим денгээлдерин жогорулатуу жана аларды  адистиктин иш аракеттери менен жакындан практикалык түрдө тааныштыруу максатында “Экологиялык борбор” жана “Экотуризм” кружогу иш алып барууда.

Кафедранын базасында  “Экологиялык борбор” – 2008-жылы уюштурулган.

Аталган борборду кафедранын  профессору Г. К Омуралиева, магистр Н.Аматовалар жетектеп  сабактан сырткары студенттерди илимий-изилдөө иштерге тартуу, теориялык алган билимдерин практика менен байланыштыруу максатында  Ак-буура дарыясынын фаунасы жана флоралары, дендропарктарда практикалык иш чараларын уюштуруп өткөрүшүп келүүдө. Азыркы кезде Экологиялык борбордогу студенттер жана окутуучулар тарабынан көптөгөн Эл аралык уюмдарга (Кыргызстан-Сорос фонду, ЮСАИД, Ага-Хан ж.б.) түрдүү багыттагы долбоорлор жазылып, жемиштүү иш алынып барылууда.

 

Экотуризм-  кружогунун иш аракеттери табигатта эс алууну уюштуруу, айлана чөйрөнү   коргоо жана ага  зыян келтирүүгө каршы, башкача айтканда экологиялык тарбия берүү боюнча иш  аракеттерди жүргүзүүгө багытталган.

 

 Кафедра башчысы: Химия илимдеринин кандидаты, профессор  Бабеков Анарбай Ураимович

1.Фамилиясы, аты, атасынын аты  - Бабеков Анарбай  Ураимович

2.Туулган жылы, жери – 25-ноябрь, 1969-жыл, Ош областы, Кара-Суу району.

3.Билими – Жогорку

                4.Эмгек ишмердүүлүгү:

  • 1987–жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун биология факультетине кирип, аны 1992-жылы артыкчылык диплом менен аяктаган. Ошол эле жылы сентябрь айынан эмгек жолун аталган факультеттин «Химия» кафедрасында адегенде лаборант, ага лаборант, лаборатория башчысы болуп эмгектенүүдөн баштаган.
  • 1994 – жылы Ош технологиялык университетине которулуп, «Химия жана химиялык технология» кафедрасында окутуучу, ага окутуучу болуп 2001-жылга чейин эмгектенген.
  • 1998-2001 – жылдары Ташкент шаарында, Өзбекистан Республикасынын Илимдер Академиясына караштуу «Өсүмдүк заттарынын химиясы» институтунда аспирантурада окуган.
  • 2002 – жылдын 4-январында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясына караштуу «Химия жана химиялык технология» институтунда «Терпеноидные кумарины и сложные эфиры терпеноидов трех видов растений рода Ferula L.» деген темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон.
  • 2001 – жылы Ош мамлекеттик университетинин Табият таануу факультетинин «Жалпы жана органикалык эмес химия» кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучу, факультетте декандын тарбиялык иштер боюнча орун басары.
  • 2005 – жылы Ош мамлекеттик университетинин «Химия жана фармацевтика» факультетинде декандын окуу иштери боюнча орун басары.
  • 2006 – 2016-жылдын март айына чейин Ош  гуманитардык - педагогикалык институтунун илимий иштер жана сырткы байланыштар боюнча проректору кызматында иштеп келген. Бүгүнкү күндө ОГПИнин «Табият таануу жана география» факультетинин докторанты, «Биология жана химия» кафедрасынын профессору, 2017-жылдын апрель айынан бери «Экология жана жаратылышты пайдалануу» кафедрасынын башчысы кызмат ордунда  эмгектенүүдө.
  • Сыйлыктары:
  • Ош Мамлекеттик университетинин Ардак грамотасы 2004-ж.
  • Ош областтык профсоюз комитетинин Ардак грамотасы - 2008–ж.
  • Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн отличниги төш белгиси –2009–ж.
  • Ош шаардык Мэриясынын Ардак грамотасы  2010-ж.
  • Кыргыз Республикасынын борбордук профсоюз комитетинин отличниги төш белгиси – 2015-ж.

 

  1. Коомдук ишмердүүлүгү:
  • 2007-жыл «Кыргыз Республикасында билим берүү системасы - кечээ, бүгүн жана эртеё» деп аталган Республикалык Симпозиумдун катышуучусу жана «Эё мыкты»  илимий баяндама жасагандыгы үчүн атайын «СЕРТИФИКАТ» менен сыйланган.
  • 2007-жыл-Кыргыз Республикасында ЖОЖдордо жарандык билим берүүнү түзүү боюнча семинардын катышуучусу.
  • 2000—жылы Жогорку  окуу жайларынын студенттери үчүн жазылган «Жалпы химия»  окуу китебинин II томунун авторлорунун бири.
  • Бүгүнкү күндө 60тан ашуун илимий макалалардын, окуу-усулдук колдонмолордун жана эки монографиянын автору.
  1. 7. Уюштуруу ишмердүүлүгү:
  • 2008–жыл. ОГПИде «Жалпы жана органикалык эмес химия» лабораториясынын түзүүчүсү.
  • 2007-2013-окуу жылдарында 4 жолу Эл Аралык илимий конференциялардын жана 7 жолу Республикалык жана регионалдык илимий-практикалык конференциялардын уюштуруучусу.
  • Түркия, Ташкент, Алма-Ата, Бишкек шаарларындагы  Эл Аралык илимий-практикалык конференцияларда жана симпозиумдарда илимий баяндамаларды жасаган.
  • Илимй даражасы жана илимий наамы: - Химия илимдеринин кандидаты, профессор.
  1. 8. уй - бүлөлүү 1 уул, 3 кыздын атасы.
  2. Дареги:

714 000.  Ош шаары,  Курманжан Датка көчөсү 16.

Телефондор:

Уюлдук телефону: 0777 -72-82-77

 

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro