Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » » Кытай тили кафедрасы
30 январь 2018
180

Кытай тили кафедрасы

Кафедранын девизи: Канча тил билсен, ошончо дил билесин!

Кафедранын миссиясы: Теориялык билими практикада шайкеш келген, учурдун талабына жооп берген адистерди даярдоо менен студенттерди чет өлкөгө чыгаруу.

 Кытай тили  кафедрасынын тарыхы

         Кытай тили кафедрасы 2013-жылдын май  айында негизделген. Бул мезгилге  чейин 2007-жылдан тартып  тилдер кафедрасынын курамында болгон. Кафедра негизинен 2009-жылга чейин окуу жайда англис,немец жана латын тилдеринин тейлөөчү  кафедра катары иш жүргүзүп  келсе, бүгүнкү күндө кафедра кытай тили адистигинин келечек мугалимдерин даярдоодо. Бул мезгилдер ичинде бир топ тажрыйбалуу окутуучулар кафедра башчысы болуп эмгектеништи. Эргешов С.,

 Орозалиева Т.Т., Мадраимова Н.С., Алтыбаева Г. Жабыева А.А.,Эшназаров А.Э.

Абдылдаева Н.К. кафедра башчылык кызматта эмгек өтөштү.

      Азыркы учурда 2014-жылдын сентябрь айынан баштап Мырзаканова С.Т.

иш жүргүзүп келүүдө.

Бүгүнкү  күндө «Кытай тили  » кафедрасынын  курамында 3 окутуучу, 3

волонтер окутуучу жана 1 лаборант жаштарга тереё билим жана тарбия

беришүүдө. Алар; Мырзаканова Самаган Туратбековна, Тухтасинов Карим Абдураимович,  Адилбек кызы Наргиза, , волонтерлор: Жан Хуа жана Жаё Хуй, Пен Пей, лаборант: Жаныбек кызы Гүлипа.

     Кафедра жаш болсо да  адистиктин студенттерине татыктуу тарбия, сапаттуу билим берүү жолунда талыкпай,аракетчилдик, чыгармачылык менен иштеп келет. Студенттерге билим берүү заманбап талаптарга ылайык жүргүзүлөт.

         Студенттерибиз окуу жайда жана ЖОЖдор  арасында өткөрүлгөн олимпиадаларда, ар кандай жарыштарга  катышып байгелүү орундарды ээлеп келишет.Айта кетчү нерсе кафедра жыл сайын студенттерди HSK тестинин жыйынтыгы менен Кытай Эл Республикасынын окуу жайларына 6 айлык, 1 жылдык, 3 жылдык жана 4 жылдык окуу курстарына жана магистратурага окууга жиберип турат. Мындан сырткары жыл сайын мугалимдер жайкы эс алуу мезгилинде Кытай Эл Республикасынын Урумчи шаарына эс алуу менен биргеликте билимин өркүндөтүп келишет.

Эл аралык байланыштарды өнүктүрүү иштеринин абалы:

Эл аралык байланыштарды өнүктүрүү максатында  жыл сайын студенттер жана окутуучулар  Кытай Эл Республикасынын  төмөндөгү окуу жайларына  стажировкаларга жөнөтүлөт.

  1. Синьцзянь педагогикалык университети
  2. Хенань университети
  3. Кунминь университети
  4. Шанхай мамлекеттик университети
  5. Жи Линг университети
  6. Вейфан кесиптик институту
  7. Си Бей педагогикалык университети.

         Синьцзянь педагогикалык университетине 4-жылдык магистратурага кеткен студенттердин тизмеси:

1.Мамасадык кызы Аймерим.

2.Токтосун кызы Орозгүл.

Хенань университетине 3-жылдык магистратурага кеткен студенттердин тизмеси:

1.Абдумиталип уулу Кантемир.

2.Абдурашитов Бексултан.

3.Кубанычбек кызы Айтолу.

4.Кадырбек уулу Медербек.

5.Майрамбеков Султан.

6.Токторалы кызы Бурулай.

       2-окуу семестринен 4-айлык стажировкага кетип жаткан студенттердин тизмеси:

  1. Тойкул уулу Максат
  2. Камчыбеков Тилек

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2017 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro