Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » » Дене тарбия жана спорт кафедрасы
29 ноябрь 2018
89

Дене тарбия жана спорт кафедрасы

ОГПИде АЛЫШ КҮРӨШ ЖАНА ТАЯК ТАРТЫШ БОЮНЧА МЕЛДЕШ ӨТТҮ

10-октябрь Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда Кыргызстандын түштүк аймагындагы ЖОЖдордун студенттери ортосунда спорттун “Алыш күрөш” жана “Таяк тартыш” түрлөрү боюнча мелдеш болуп өттү.

Мыкты балбандарды беттештирген бул мелдеш аймактардагы студенттердин ортосунда достукту бекемдөө, аларга шык берүү жана коомчулукка спорт чөйрөсүн кеңейтүү максатында ОГПИнин Дене тарбия факультетин 2008-жылы бүтүргөн бүтүрүүчүлөр тарабынан атайын байге фонду каралып, уюштурулду.

Мелдештин салтанаттуу ачылуу аземин институттун ректору Б.Б.Зулуев ачып, өз сөзүндө бүтүрүүчүлөрдүн жөн гана 10 жылдык жолугушуу кечесин өткөрүп тим болбостон, жаш спортчуларыбызга көнүл бөлүү менен ушундай мелдешти демилгелеп, байгесин коюп берип жаткан уюштуруучуларга, алыс, жакындан келген конокторго окуу жайдын атынан ыраазычылык билдирип, жалпы катышуучуларга ийгилик каалап өттү.

10 жылдык жолугушуунун алкагында демилгеленип уюштурулган бул таймашка БатМУнун, ЖАМУнун, ОшМЮИнин, ОшКӨУнун, ОшТУнун, ОшМУнун жана ОГПИнин студенттери катышып, спортчулар ар түрдүү салмак категориялар боюнча кызыктуу спорт оюнун тартуулап беришти. Ошондой эле оюндун жүрүшүндө балбандар үчүн ОГПИнин профсоз комитети, чарба иштери боюнча проректору жана башка күйөрман агайлар тарабынан кызыктыруучу байгелер коюлуп, өзгөчө ыкма менен кызыктуу оюн көсөтүп жаткан спортчуларга ыйгарылды.

Мелдеш эл аралык аренадагы калыстардын көзөмөлү менен өткөрүлүп, күрөш аянтынын чеберлери жана таяк тартууда мыктылыгын көрсөткөн балбандар аныкталды.  Жыйынтыгында ар бир салмактык категория боюнча байгелүү орундарынын ээлери аныкталып, I, II, III орундарды камсыздаган спортчу студенттер диплом, медал жана акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Жеңүүчүлөр:

Таяк тартыш боюнча командалык эсеп менен I орун ОГПИ, II орун БатМУ, III орунда ОшМУ.

Алыш күрөш боюнча: 

60кг салмакта

III орун Мырзабеков А. ОшМУ.

II орун Абдижалил у Т БатМУ.

I орун Үсөн у Ө. БатМУ.

 

70кг салмакта

III орун Бекташов Т. ОГПИ.

II орун Сейитали у А. ОшМУ.

 I орун Шарабидин у А. ОшМУ.

 

80кг салмакта

III орун Имаралы у А. БатМУ.

 II орун Намазбеков Т. ОшТУ.

 I орун Сексенбаев Э. ЖАМУ.

80+кг салмакта

III орун Матабаев Ж. ОГПИ.

 II орун Талантбек у Э. ОшМЮИ.

I орун Кубаныч у К. ОГПИ.

   

   

   

 

ОГПИде студенттердин спорттук мелдеши өтүп жатат

10-ноябрь аштар күнүнө жана 17-ноябрь студенттерин эл аралык майрамына карата Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда студенттер аралык факультеттер ортосунда  спорттук  мелдеш болуп жатат.

Спорттук мелдеш Дене тарбия факультети жана Жаштар комитети тарабынан уюштурулуп, спорттун волейбол, фудбол, шахмат, тогуз коргоол, стол теннис, кыргыз күрөш жана таяк тартыш түрлөрү боюнча студенттер таймашууда. Оюндун жыйынтыгында мыкты факультет, мыкты команда жана мыкты спортчулар аныкталып,17-ноябрь студенттер күнүнө карата болуучу салтанатта жеңүүчүлөр сыйланмакчы.

Эскерте кетсек аталган мелдеш белгиленген спорттун түрлөрү боюнча окуу жайдын курама командасын бышыктоо, студенттерди сергек жашоого үндөө жана достук мамилени чыңдоо максатында жылына эки ирет салтка айланып өткөрүлүп келет.

 

 

ОГПИде чыгармачыл топтор ортосунда спорттук мелдеш өттү

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда, окуу жайдын алдындагы “Жаратман” чыгармачылык борборунун 7 жылдык мааракелик-кечесине карата Ош шаарындагы жаш чыгармачыл топтор ортосунда спорттук мелдеш болуп өттү.

Иш чара институттун жаштар комитети жана “Жаратман” ЧБу тарабынан спорт аркылуу достукту бекемдөө максатында уюштурулуп, ага “Достук” жана “Жигер” чыгармачылык жаштар борборунун, Жаш таланттар мектебинин, ОшМунун студенттик “Нур” гезитинин жана акыйкатчы апаратынын курама командалары катышышты.

Аталган мелдештин ачылуу аземин салтанаттуу түрдө ОГПИнин окуу иштери боюнча проректору Т.К.Раимбеков ачып, жалпы келген  конокторго, катышуучуларга институтун атынан ыраазычылык билдирүү менен командаларга ийгилик каалап өттү.

Мелдеш спорттук волейбол жана фудбол түрлөрү боюнча болуп, бардык командалардын активдүү катышуусу менен оюн жогорку деңгээлде өттү. Жыйынтыгында фудбол боюнча III орунду Кыргыз-Өзбек университетинин “Достук” ЧЖБу, II орунду ОшМунун “Нур” гезити ал эми I орунду “Жаш таланттар мектеби” ээледи. Ошондой эле волейбол боюнча кыздар ортосунда III орунду “Жаш таланттар мектеби”  , II орунду “Жигер” ЧЖБу, I орунду “Достук” ЧЖБнун командасы багынтты. Ал эми волейбол боюнча балдар ортосунда III орунда “Жаш таланттар мектеби”, II орунду “Жигер” ЧЖБ-1,  I орунду “Жигер” ЧЖБ-2 командалары ээлешип, уюштуруу тобунун диплом жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты. Мындан тышкары оюндун жүрүшүндө мыкты оюн көрсөткөн команда мүчөлөлү белгиленип, аларга атайын сыйлыктар ыйгарылды.

Эскерте кетсек “Жаратман” чыгармачылык борбору 2011-жылы ОГПИнин алдында активдүү, чыгармачыл студенттерден түзүлгөн.

 

 

ОГПИде студенттик эстафета болду

Бүгүн 27-октябрь ОГПИнин алдындагы “Жаратман” чыгармачылык борборунун (ЖЧБ) уюштуруусунда “Спорт – тездик, бийиктик, күчтүүлүк” деген ураандын негизинде спорттук эстафета оюну болуп өттү.

Мында аталган борбордун мүчөлөрүнөн турган төрт команда ат салышып, кызыктуу спорттун түрлөрүнөн турган 5 оюн боюнча мелдешишти.

Достуктун улуу даанакери болгон спорттук мелдеш, студенттердин достугун бекемдеп, ынтымакка, сергек жашоого чакыруу максатында уюштурулуп, катышуучуларыбыз активдүүлүк менен оюн көрсөтүү аркылуу өзгөчө кызыгууну жаратышты.

Эскерте кетсек аталган эстафета ЖЧБнын ар ишемби күнү болуучу “Адамдыкка сапар” аттуу семинар-тренингинин алкагында уюштурулуп, жеңүүчү командалар окуу жай жетекчилигинин атайын белектери менен сыйланды.

 

 

 

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro