Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » » Дене тарбия жана спорт кафедрасы
11 январь 2018
429

Дене тарбия жана спорт кафедрасы

Кафедранын  тарыхы

 

1998-жылга  чейин  дене  тарбия  предметтик тобу болуп аталган.

Анда азыркы Ош Гуманитардык педагогикалык- институту Ош педагогикалык окуу жайы, кийин Ош педагогикалык  колледжи андан кийин Ош жогорку колледжи  деп аталып келген.

Дене  тарбия  предметтик  тобунун  (секциясынын  жетекчиси  болуп,  убагында  Асанов  Токтомурат  Асанович , Тургунбаев  Мойдун  Маматалиевич,  Жумабаев  Мурзаш  Жумабаевич,  Сапалиева  Мукен Сапалиевна, Узакбаев  Ибрагим Советовичтер  иштешкен.

1998-жылдын 1-апрелинде  «Денетарбия  жана спорт » кафедрасы  түзүлгөн. Кафедра  башчысы болуп Тургунбаев Мойдун, Узакбаев  Ибрагим ,Жалалов Турдаалы,  Молдоматов Абибилла иштешкен.

2002- жылдын  4- мартында өткөрүлгөн окумуштуулар кенешинин  №3 токтомунун  чечими  менен   буйрук   №07.02.28.   параграф  18, 2002-жыл  12- март Дене  маданиятынын  усулдук  негиздеги  кафедра  түзүлгөн.  Кафедра  башчысы болуп  Изамаматов  Акматаали  бекитилген.

2003-жылдын 1-декабрына  чейин  кафедраны Мамытов Кубанычбек Аипович  жетектеген 2006-жылдын  февралынан  тартып  кафедра башчысы болуп  Жумабаев  Мурзаш Жумабаевич  жетектеген.

2006-жылдын  апрелинен  тартып   2009-жылдын 29-августуна чейинка  федраны  Капаров  Абдувахап  Шардаевич  жетектеген. 2009-жылдын  

29-августунда  ОГПИнин  кезектеги  № 16 окумуштуулар  кенешинде  каралып, дене  тарбия   бөлүмүнө  караштуу  «Дене  тарбия  жана спорт»  кафедрасы  менен «Дене  маданиятынын  назарияттык   жана   усулдук   негиздери»  кафедрасы биригип  бир   «Дене  тарбия  жана спорт » кафедрасы  түзүлдү.

Кафедра  башчылыгына  Жумабаев Мурзаш  дайындалды.  2009-жылдын сентябрь

айынан 2011-жылдын февраль айыначейин кафедра башчысыболупАзимжановНурланТеленбаевичжетектеди.

2009-жылдын  26- февралынан  2014-жылдын  июнуна  чейин  кафедра башчысы  болуп   Капаров  Абдувахап   Шардаевич   жетектеген,

2014-жылдын  4-июнунан  баштап   Кудайкулов  Капарбек  Пирматович «Дене  тарбия   жана спорт»  кафедрасын  жетектеген.

        2016-жылдын  12-апрелинде  өткөрүлгөн  окумуштуулар  кенешинде

буйрук  № 07-01.68  параграф 1, « Дене  тария  жана  спорт»  кафедрасына,

Мамажанов  Е.Н   кафедра  башчы   болуп   дайындалган.

      2016 – жылдын  14- сентябрындагы  өткөрүлгөн  окумуштуулар  кенешинин  №1  токтомунун   чечими   менен   буйрук  № 07-01.06  параграф 1, Институттагы  стуруктуралык өзгөрүүлөр  жөнүндө деген маселени  негизинде   төмөндөгүдөй   өзгөрүүлөр   киргизилген.

Дене  тарбия  бөлүмүндөгү  студенттердин  саны  көбөйгөнүнө  байланыштуу,  аталган   бөлүмгө  «Факультет»  статусу   берилген,  «Дене тарбия»  факультети   деп  аталган.

Дене  тарбия  бөлүмүндөгү  «Дене  тарбия  жана  спорт» кафедрасы  экиге  бөлүнүп  төмөндөгүдөй  аталган.

 

  1. «Дене тарбия  жана  спорт»  кафедрасы  (факультеттераралык  кафедра)
  2. «Дене маданиятынын   назарияты   жана   усулдукнегиздери»  кафедрасы.  (бүтүрүүчү  кафедра).

Азыркы  убакта   дене  тарбия  жана  спорт  кафедрасында  штаттык

негизде  7-окутуучу, 1-лаборант  эмгектенүүдө.

 

Жогорку  окуу  жайлар   арасындагы   студенттердин  универсиадасы спорттун  ар  түрү  боюнча  өткөрүлүп,  ОГПИнин курама  командалары ийгиликтерге   жетишип  келишет.  Спорт  клубду  Осмоналиев Данияр  жетектеп   келет. ОГПИде   жана түштүк  регионунда өтүлүүчү  спорттук  ар  кандай    мелдештерди, кафедранын  окутуучулары  түздөн – түз  уюштуруп  же  катышып   келе   жаткандыгы   өзгөчө   белгилөөгө   арзыйт. Дене  тарбия   адистигинин  студенттери  спорт  жаатында  мактоого  арзып ийгиликтерди  жаратып  келишүүдө.  Кафедрада  студенттерди дени  сак, сергек  жашоого тарбиялоо максатында спорттук ийримдер менен ишалып барат.  Алсак,  Волейбол  (балдар)  боюнча Осмоналиев  Д,  Волейбол  (кыздар)  Орозматов  М,  Женил  атлетика  боюнча  Капаров  А,  Каратаев  У, Тогузкоргоол, Ордо  Эрбатыров  Б,  Күрөш, Самбо  боюнча  Маткеримов  Н,   Эркин  күрөшбоюнча  Кадымаев  Ж,  Шахмат  боюнча  Мамажанов  Ж,  Футбол  боюнча  Турдукулов  А,  Баскетбол  боюнча          Касымалы  у  Б, Стол  теннис  боюнча  Кудайкулов  К, Бокс  боюнч  Акматов  А   ОГПИнин     курама   командаларын   жетектешет.

 

Дене тарбия  жана  спорт  кафедрасынын жетишкен ийгиликтери.

Универсиада  2017- жылдын жыйынтыгы  боюнча төмөндөгүдөй орундарды алып келишти. Ошондой  эле  быйылкы  жылда биздин  студенттер  өзгөчө   ийгиликтерди  багындырышты : Тогуз кргоол ( балдар, кыздар) – 1-орун, Ордо  курама  командасы – 1-орун, Волейбол (кыздар) – 2-орун, Волейбол (балдар) – 1-орун, Футбол курама командасы – 1-  орун, Эркин күрөш  - 2- орун, Самбо -  1-орун, Күрөш – 1- орун, Женил  атилетика (балдар, кыздар) – 1-орун, Бокс – 3-орун  ээлешти.

Ошондой  эле окуу  жайыбыздын  сыймыгы  болгон  Денетарбия  факультетинин

 ДМ-14  тайпасынынстуденти  Абдывасы  уулу  Алманбет  көптөгөн  мелдештерге  катышып окуу  жайыбыздын  атын  танытып,  намысын  коргоп  келүүдө. Алманбетти жетишкен  ийгиликтерин  атап  кетсек   2016- жылдын 14-мартында  болуп  өткөн   Республикалык  эрежесиз  эр  урушта  1-орунга  жетишкен, ушул  эле  жылы  бүткүл  дүйнөлүк  эрежесиз  эр  уруштун  4- жолку  женичүүсү  аталып,  алэми  2017 – жылдын

12 – апрелинде  Азияда  өткөн  эрежесиз  эр  урушта  спорттун  чебери  деген наам  алган.  Алманбет   көптөгөн  ийгиликтерге  жетишип   факультетибиздинда   атын  чыгарууда.

 

 

15-23-январга  чейин  Дене  тарбия  факультети  тарабынан 

   Ош гуманитардык педагогикалык институтунун  профессордук окутуучулар  арасында  спорттун  5-түрүнөн  өткөрүлгөн  мелдештерден көрүнүш.

 

              Кыргыз-Россия  факультетинин  мугалимдери.

 

              Гуманитардык  факультетинин  мугалимдери.

 

 

Шахмат  оюнунан  көрүнүш.

 

                       Тогуз  коргоол  оюнунан  көрүнүш.

 

ТТжГФ   менен  Музпедфактын  эжекелер  курама  командасынын  волейбол  оюнунун  ойноп  жаткан  учурунан  көрүнүш.

 

 

                              Администрация.

 

Музыкалык- педагогикалык  факультетинин           мугалимдери.

 

Математика жана Компьютердик  технологиялар  факультети.

 

Табият   тануу  жана  География  факультетинин  мугалимдери.

 

                                       Колледж.

 

 

Мелдештин   ачылуу  аземинде   Кыргыз  Республикасынын  гимни  жанырып    мелдеш  башталды.

 

 

ТТжГФ   менен  Гумфактын  волейбол   боюнча  эжекелер  курама  командасы

Баскетбол  оюнунда  агайлар  курама  командаларынын  ойноп  жаткан  учуру.

 

Ош  гуманитардык  педагогикалык  институтунун

Дене  тарбия  факультетинин  Дм-14  тайпасынын  студенти             Абдывасы  уулу  Алманбеттин  жетишкен  ийгиликтери

 

  Ош  гуманитардык  педагогикалык  институтунун  ректору п.и.к  профессор  Б.Б. Зулуев  Алманбеттин  жетишкендигин  куттуктап  жаткан  учуру.

 

           Алманбет  атандашы  менен.

  

Алманбеттин  ийгилигинен  корүнүш.

 

Алманбет  машыктырычуусу  Маткеримов       Нурбек  менен.

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2017 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro