Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » » Табият таануу жана география факультети
7 апрель 2019
51

Табият таануу жана география факультети

ФАКУЛЬТЕТТИН ТАРЫХЫ

Ош жогорку колледжи 1999-жылы «Биология» адистигине лицензия алып, «Педагогика» факультетинин курамында 42 студент кабыл алынган. Ал мезгилде педагогика факультетинин п.и.к., доцент С.М. Мадраимов жетектеген.

2000-жылы Ош жогорку колледжинин Окумуштуулар Кеңешинин чечими менен 27.4-токтомунун негизинде «Педагогика» факультети «Табият таануу - педагогика» факультети болуп кайрадан аталган.

2000-2005-жылдары б.и.к., доцент А.А. Кенжебаев факультеттин деканы болуп иштеген. 2004-жылы 30-августа ректораттын №70-20. 110-буйругунун негизинде факультеттен «Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана усулу» адистиги бөлүнүп, кайрадан «Табият таануу – математика» факультети болуп түзүлгөн.

Факультетти 2005-2006- окуу жылында г.и.к., доцент А. Б. Топчубаев жетектеген.

2009-жылдын сентябрь Б.№ 07-03.68. §1  ректордун буйругунун негизинде «Табият таануу жана география» факультети түзүлүп, аталган факультетти г.и.к., доцент Э.К. Алайчиев жетектеп келген.

2011-2014-жылдары п.и.к., доцент Г. Ж. Байышова жетектеген.

2014-жылдын тартып факультеттин деканынын мидетин аткарүчу болуп ага окутуучу Сагынбаева Гүлзада Авазбековна жетектеп келет. Учурда  факультеттин курамында «Биология жана химия», «Табигый илимдер» жана «Экология жана жаратылышты пайдалануу » кафедралары бар. Бул 3 кафедрада 2 багыт боюнча: 550100 «Табигый илимий билим берүү багыты:  профиллдери Биология, География күндүзгү жана сырттан окуу, профили «Химия» адистиги күндүзгү окуу, 520800 «Экология жана жаратылышты пайдалануу» багыты: профили Экология адистиктери даярдалат. Ар бир  адистик боюнча  билим берүү жана  илим министрлигинин лицензиялары бар.

  

Факультеттин структурасы

Табият таануу жана география факультетинин деканынын м.а. Ага окутуучу Г.А.Сагынбаева

Окуу иштери боюнча декандын орун басары ага окутуучу Апыев Даняр Байышович

 Факультеттин усулчусу Байыш кызы Айпери

 

Факультеттин структурасы:

  Факультеттин курамында 3 кафедра бар

  • Биология жана химия кафедрасы
  • Табигый илимдер кафедрасы
  • Экология жана жаратылышты пайдалануу кафедрасы

Адистиктери:

550100 Табигый илимий билим берүү (биология, география, химия)

520800 Экология жана жаратылышты пайдалануу кафедрасы

 

 Факультетте 4 борбор учурда иштеп жатат

 

  • 312- каана Жандуу бурч
  • 306-каана Вертуалдык лаборатория
  • 307-каана Профессор Г.К.Омуралиева атындагы “Экология борбору”
  • 308-каана Жашоо коопсуздугу

 

Факультеттин тиешелүү адистиктерине тиешелүү 10 каана бар.

 

  • 205-лекциялык каана Анатомия жана физиология
  • 301- Жалпы химия лекциялык каана
  • 302-Органикалык эмес химия лабораториялык каана
  • 307 “А”-Географияны окутуунун усулу каана
  • 309- Органикалык химия лабораториялык каана
  • 310-Физикалык география лекциялык каана
  • 311-Жалпы зоология жана ботаника лабораториялык каана
  • 318-Экономикалык география лекциялык каана
  • 321-Генетика лекциялык каана
  • 322- Айыл чарбанын негиздери лекциялык каана

Табият таануу жана география факультетинде жүргүзүлгөн иш чаралар

  • 2016-2017-окуу жылынын сентябрь айынан баштап Табият таануу жана география факультети көп тилдүү программага өтүп, пилоттук факультет болуп кирген.
  • Учурда 5 тайпа пилоттук тайпа болуп, 5 окутуучу : Сагынбаева Г.А, Омуралиева Г.К, Долонова Г.М, Жумагулова З.Ж, Шарипова М көп тилдүүлүк программасы боюнча сертификаттарга ээ болушкан.
  • 2017-жылдын ноябрь айында факультет тарабынан “Билим берүүдөгү туруктуу өнүгүү” деген темада Табият таануу жана география факультетинин жалпы жамааты, окү жайдын ректору проф. Б.Б.Зулуев жана факультеттин деканы Г.А.Сагынбаева жетектөөсү менен 2 күндүк семинар өткөрүлдү.

   

 

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro