Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » » ОГПИнин колледжи
28 январь 2018
92

ОГПИнин колледжи

Колледж боюнча маалымат

Колледж Ош гуманитардык – педагогикалык институтунун стуктуралык бир бөлүгү бөлуп эсептелет.  Педагогикалык багыттан да адистиктердин ачылышына байланыштуу 2004-жылы 30-августта №110 –буйругу менен педагогикалык колледж өзгөртүлүп колледж деп аталды. Азыркы учурда окуу жайда 7 адистик  боюнча бюджеттик жана келишимдик негизде  кадрлар даярдалып жатат. Жалпысынан колледжде 1981 студент билим алып жатат жана 114 окутуучу эмгектенет.  Алардын  жыйырма төртү  Эл агартуунун мыктылары, жыйырма үчү магистр, үчөө аспирант, бирөө  илим изилдөөчүлөр.

Бүгүнкү күндө колледжде жалпысынан 7 кафедра иш жүргүзөт:

  • Мамлекеттик тил кафедрасы – кафедра башчысы Осекова Т.
  • Табигый илимдер кафедрасы – кафедра башчысы Нурмаматова К
  • Педагогика жана мектепке чейин билим берүү кафедрасы – кафедра башчысы Күчүбаева Б
  • Социалдык иштер жана коомдук илимдер кафедрасы – кафедра башчысы Ташболотова А.
  • Дүйнөлүк тилдер кафедрасы – кафедра башчысы Камчыбекова Н.С.
  • Экономика жана финансы кафедрасы – кафедра башчысы Шапиев А.
  • Информатика жана математика кафедрасы-кафедра башчысы Сооронбаева Н.А.

Колледж төмөндөгүдөй адистиктерди даярдайт: Педагогика жана мектепке чейинки билим берүү кафедрасы «Башталгыч каласстарды окутуу» жана «Мектепке чейинки билим берүү» адистиктерин, Экономика жана финансы кафедрасы «Менеджмент», «Финансы» адистигин, Информатика жана метематика кафедрасы «Компьютердик система жана комплекстер» адистигин, Социалдык иштер жана коомдук илимдер кафедрасы «Дене маданияты», «Социалдык иштер» адистиктерин даярдашууда.

 90 жылдык тарыхы бар колледжде коптөгөн бүтүрүүчүлөр Кыргызстандын баардык аймактарындагы мектептерде, бала бакчаларды иштеп жатышат. Колледжде кайра даярдоо курстары уюштурулган, мектептердеги мугалимдерди, тарбиячыларды  чакырып жаны усулдар боюнча билимдерин терендетип сертификаттарга ээ болушуп жатышат.

Окуу жайыбыз атайын студенттер жана окутуучулар үчүн GIZ, EdNet фонддору менен жана Екатеринбург, Новосибирск, Казакстан шаарларына барып  оз билимдерин  өркүндөтүп келишет. Окуу жайлар арасында Enactus  студенттердин жана жаштардын мамалекетти өнүктүрүүгө салым кошуучу  эл аралык уюму менен иш алып барышат. Окуу жайыбыз жаштарга татыктуу тарбия берүү менен сапатуу билим алууга умтулган жаш кадрларды даярдашууда. Ар бир адистиктер боюнча студенттер практикаларды жогорку денгээлде өтөп, жумуш менен камсыз болушат. Майрам жана даталуу күндөргө карата түрдүү иш чараларды уюштуруп, шаардык, облустук, райондук  коомдук иштерине активдүү катышып келишет.

 Урматуу келечектин ээлери!

Өлкөбүздүн түштүк аймагындагы кылым жашаган, канчалага жаштарды педагогикалык кесипке, билим берүүнүн улуу жолуна багыт берген мурдагы Ош гуманитардык- педагогикалык окуу жайы азыркы учурда Ош гуманитардык – педагогикалык институтунун алдындагы колледжи бар. Окуу жай өз учурунда Кыргызстандын билим берүүчү бирден бир окуу жайы болуп, тамырын терен жайып, учурдун талабына карай өнүгүп- өсүп келе жаткан жаштардын билим уясы. Колледжде азыркы учурда 1588 студент күндүзгү бөлүмдө, 390 студент сырттан окуу бөлүмүндө окушат.

Токсон жылдык тарыхы бар окуу жайдын тарыхы менен тамырлаш, тагдыры менен тагдырлаш алды 45жыл, арты 30 жыл эмгектенган ардагерлер, ошондой эле өзүнүн кесибин сүйгөн, тажырыйбага мол, окутуунун жаны технологияларын мыкты билген окутуучулар эмгектенет. Жалпы окутуучулардын саны 114, алардын ичинен эл агартуунун мыктылары-24, окутуучу магистрлер 23, аспирант-3, илим изилдөөчү-1.

Күндөн күнгө учурдун талабына ылайык окуу жайдын материалдык- техникалык базасы чыналууда. Жаны окуу кааналары толукталып заманбап интерактивдүү доскалар, компьютердик класстар жана китепкана пайдаланылат. Ар бир кафедрада илимий- көркөм кружоктор иштейт. Жогорку сапаттагы мыкты билим алууга бардык шарттар түзүлүүдө.

 

 

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2017 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro