Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » » » Бүгүндөн баштап ОГПИнин бактылуу студентисин!
5 сентябрь 2019
35

Бүгүндөн баштап ОГПИнин бактылуу студентисин!

              Бүгүндөн баштап ОГПИнин бактылуу студентисин!

Сени жарык жашоого жетелеген жана келечекке карай максаттарыңа жетүүгө көпүрө болгон билим уясына кош келдиң. Бүгүндөн баштап студент аталып, коомдо билимдүү жаштардын катарын толуктап, өз ордумду табам деген терең ишеничти жоопкерчилик катары кабыл алып, анын өтөөсүнө чыгасын деген үмүттөмүн.

Жогорку окуу жайда окуп, студент болуу бактысы  сага да буюрган экен. Эми алдыдагы жалан билим алуу үчүн берилген убактыңды туура жакка пайдаланып, билим дүйнөсүнө сүңгүп кирүү менен жалындуу жаштыктын доорун татыктуу сүрүүгө бел байла.

Ар бир нерсе чектелүү. Андыктан оку, иште, ойно. Бул сенин эркиндигиң жана каалооң. Бирок,  сага тоодой ишенич арткан ата-энеңдин үмүтүн актагандай  бол. Мына бүгүн улуу муундан, устаттардан сабак алып, ал эми эртең өзүңдөн кийинкилерге татыктуу таалим берүүгө даярдан. Анткени, мугалимдик кесип, ардактуу кесип. Анын жоопкерчилиги да абдан жогору. Анткени коомдун гүлдөп өнүгүшүнө же такыр артта калуусуна сен себепкер болуп калышың толук мүмкүн.

Урматуу досум, сен учурда өткөн тарых менен эртеңки келечекти байланыштырып турган көпүрө экениңди жана көп нерсе сенден көз каранды экенин да унутпа. Билим үчүн жан үрө, тынымсыз аракетте бол!  Бугүн жасап жаткан аракетиңдин акыбети сөзсүз түрдө эртең кайтып келеринен шек санаба. Ар дайым өзүңдүн максаттарыңа карай кадамыңды уланта берсең, анда ийгилик сен тарапка жылмайганын көрөсүң.

Алдыдагы студенттик алтын дооруң байсалдуу болсун!

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro