Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » » Математика жана компьютердик технологиялар факультети
17 май 2013
2 411

Математика жана компьютердик технологиялар факультети

2004 – жылы 30-августа ректораттын №70-20.110-буйругунун негизинде факультеттен «Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана усулу» адистиги бөлүнүп, кайрадан «Табият таануу-математика» факультети болуп түзүлгөн.

2009–жылы Ош гуманитардык педагогикалык институтунун  Окумуштулар кеңешинин чечиминин негизинде «Табият таануу-математика» факультетинин «Биология», «Химия» адистиктери бөлүнүп, «Математика жана компьютердик технологиялар» факультети болуп кайрадан түзүлгөн.

Факультетте «математика», «информатика» адистиктери даярдалат.

Факультеттин деканы п.и.к.,профессор С.М. Мадраимов жетектеп келүүдө.

 

Факультеттин кызматы жана милдеттери


        * Факультеттин деканаты окуу, усулдук, илимий иштерди, кафедралардын уюштуруучулук ишмердүүлүктөрүн координациялайт, контролдойт жана уюштурат.

* Факультеттин ишмердүүлүгү окутуучулардын окуу-усулдук жана уюштуруучулук иштериндеги билим берүүнүн сапатын жана чыгармачылык активдүүлүктү стимулдаштырууга багытталган жогорку окуу жайдын дидактикасындагы алдыңкы илимий, педагогикалык жетишкендиктердин байланышын иштеп чыгууга багытталган.

* Факультеттин кызматкерлери билим берүү мекемесинде студенттерди жана угуучуларды комплектөө процессине катышат, жогорку окуу жайына чейинки даярдыкты жүргүзүү үчүн эл арасында, мектеп окуучуларынын арасында факультеттин планы боюнча кесипке багыт берүүчү иш-чараларды жүргүзөт.

* Факультеттин кызматкерлери студенттер мсенен дайыма кызматташтыкта болуп, алардын көйгөйлөрү менен суроо-талаптарына өз учурунда жооп кайтарып турат.

* Факультеттин жетекчилиги окуу пландары менен  окуу процессинин графиктерин түзүүгө катышып, аны профессордук-окутуучулук курам менен студенттердин сакташын контролдоп турат.

* Факультеттин жетекчилиги окуу иштер департаменти менен биргеликте Мамлекеттик стандарттын талаптарына ылайык окуу стандарттарын жана регламенттерди (окуу программалары, пландар, расписание, кабыл алуу шарттары ж.б.) иштеп чыгат жана бекитет.

* Факультеттин жетекчилиги билим берүү процессин камсыз кылуучу окуу-усулдук  материалдарды даярдоону, рецензиялоону жана басмадан чыгарууну координациялайт.

* Факультеттин деканы окуу, усулдук, уюштуруучулук иштер боюнча, ошондой эле персоналдарды тандоо маселеси боюнча ректорго сунуш кылат.


шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2017 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro