Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » » Математика жана компьютердик технологиялар фак. кесипке багыт берүү иштери
24 июнь 2019
151

Математика жана компьютердик технологиялар фак. кесипке багыт берүү иштери

Факультеттин тарыхы

    Ош жогорку колледжи 1999–жылы алгачкы жолу «Педагогика» факультети болуп түзүлгөн. 2004 – жылы «Табият таануу-математика» факультети болуп бөлүнгөн. 2009–жылы «Математика жана компьютердик технологиялар» факультети болуп өзгөргөн.

     Факультете окуу процесси кредиттик технология системасына өтүп, окуу корпусуна видео байкоо камералары орнотулуп, AVN программасы менен толук кандуу иштеп жатат. Факультетте интернет тармагы менен акысыз камсыз болгон. Факультетте 8 компьютердик класс, интернет борборлор, электрондук библиотека окуу процессинде колдонулат. Лекциялык аудиториялар интерактивдүү доска, телевизор менен жабдылган. Заманбап технологиялар менен сабактартар өтүлөт.

ОГПИнин миссиясы:      Билим берүүдө сапат кепилдигин камсыздоо менен коомдун өнүгүүсүнө салым кошо алган, интеллектуалдык потенциалы жогору, атаандашууга жөндөмдүү, дүйнөлүк деңгээлге интеграцияланган, педагогикалык, социалдык-экономикалык багыттагы жогорку жана орто кесиптик компетенттүү адистерди даярдоо.

Факультеттин максаты: Билим берүү стандартына ылайык Кыргыз Республикасынын элет жергесиндеги мектептерге терең билимдүү информатика, математика жана билим берүү менеджменти адистиктерин даярдайт, ошондой эле билим берүү тармагындагы проблеммаларды изилдөөчү жана окутуунун жаңы технологияларын жайылтуучу  компетенттүү кадрлар менен камсыз кылат.

 

Факультеттин адистиктери:

  • Физика-математикалык билим берүү “Математиика” багыты;
  • Физика-математикалык билим берүү “Информатика” багыты;
  • Колдонмо математика жана информатика;
  • Менеджмент “Билим берүү менеджменти”.

Окуу мөөнөтү :

Күндүзгү окуу бөлүмүндө 4 жыл дисттанттык технология менен сырттан бөлүмүндө 5 жыл. Бакалавриатты аяктаганда "БАКАЛАВР" академиялык даражасы ыйгарылат. Факультеттин бардык багыттарына кабыл алуу Жалпы республикалык тестирлүүнүн сертификаты менен жүргүзүлүт:

  1. Негизги тест 
  2. Кошумча тест: Математика, физика же информатика

Келишимдик негизде окугандарга Негизги тест менен кабыл алынат.

 

1-курсту кабыл алуу аземи

Активдүү студенттер

Факультет сырткы байланыштар

Факультеттеги адистиктердин студенттери мобилдүүлүк боюнча башка окуу жайларга барып 1, 2 семестр окуп келүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Атап айтсак, ОшМУ, БатМУ, КМУ, ОшКУ, ЖАМУ, мындан сырткары Россия республикасынын КемГУ, УГПИ, ШГПИ, Казакстан республикасынын ЖОЖдору менен тыгыз байланыштабыз.

Исанова 73, ОГПИ

МжКТ факультети 113 кабинет

(0772) 864074, (0555) 038882

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ

Ош Гуманитардык-педагогикалык институту

МАТЕМАТИКА ЖАНА КОМПЬЮТЕРДИК ТЕХНОЛОГИЯЛАР ФАКУЛЬТЕТИ

  1. Кесипке багыт берүү иштерин жүргүзүүдө факультеттин өзгөчөлүгү

Факультетт тарабынан уюштурулган  “Иш берүүчүлөр жана бүтүрүүчүлөр” жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун максаты: Иш берүүчүлөр менен окуу жайдын ортосундагы  байланышты өркүндөтүү, факультетте окутуулуп жаткан адистиктер боюнча маалымат жайылтуу жана бүтүрүүчүлөрдүн окууну аяктагандан кийин маалымат технологиясы коомунда компотенттүү адис болуусуна өбөлгө түзүү.

“Информатика жана жаңы маалыматтар технологиясы” кафедрасы тарабынан адистиктер арасында уюштурулган “Эстафета” конкурсу жана “Интеллектуалдык жазгы продукталардын ярмаркасы” болуп өттү. Бул иш чарага факультеттин  студенттери жана колледж бөлүмүнөн “Компьютердик тармак жана комплекстер” адистиги катышты. Бул иш чаранын максаты студенттердин компьютердик билимин тажрыйбада өнүктүрүү жана факультетте окутуулуп жаткан адистиктер боюнча маалымат жайылтуу.

 

 

 

 

   

 

 

 

 

 

 

Ош-2019ж.

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro