Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » » Кыргыз-Россия факультети
10 январь 2018
22

Кыргыз-Россия факультети

Кыргыз-Россия факультети 2003-жылы 23-июлда Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин,  А.И. Герцен атындагы Россия мамлекеттик педагогикалык университети жана А.Мырсабеков атындагы Ош гуманитардык – педагогикалык институтунун жогорку окуу жайлар ортосундагы кызматташуу келишими боюнча ОГПИнин Окумуштуулар Кеёешинин № 07.02. 110 § 2 (№ 5 чечим  5.5.пункт) чечиминин  негизинде ачылган.

            Факультет ачылган күндөн баштап өндүрүшкө зарыл кадрларды даярдоо ишинде өзүнүн ордун, багытын аныктап алды. Жогоруда аталган Россия Федерациясынын жогорку окуу жайлары менен катар Кытай Эл Республикасынын Шаньси провинциясындагы Бо-Ай Си Ань Эл аралык институту (10.10.2008-ж.) Синьзян Уйгур автономиялык Республикасынын /рүмчү шаарындагы Синьзян педагогикалык университеттери (30.06.2009-ж.) менен билим берүү, маданият, илим-изилдөө багытында достук, кызматташтык, өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү максатында келишим түзүп, эл аралык байланыштарды чыёдоодо.

            Жогоруда аталган келишим боюнча учурда  студенттерибиз (2009-жылдын сентябрынан  бери ) жана бир окутуучулар  КЭР  /рүмчү шаарындагы Синьзян педагогикалык университетинде стажировкага барып, келип жүрүшөт. Быйылкы окуу жылында бир студентибиз Садибакас уулу Тейитбек магистратурага окууга кетти.

            Россия Федерациясынын Ош шаарындагы генералдык консулдугу, «Русский мир», ЮСАИД, ЮНИСЕФ, Сорос-Кыргызстан, АБР, ФПОИ, «Балдарды коргойлу» (Англия), «Инсан-Лейлек», «Таалим» ж.б. коомдук фонддор менен катар республикабыздын ЖОЖдору, чет өлкөлүк алдыёкы окуу жайлар, билим берүү жаатындагы фонддор, уюмдар менен байланыш түзүп, натыйжага багытталган эмгек аркылуу улам алдыга илгерилөө менен иш жүргүзүүдө.

            Факультет ачылган күндөн 2008-жылга чейин Унгефухт Надежда Константиновна декандык кызматты аткарса, 2008-жылдын апрелинен 2010-жылдары доцент Жороев Ташболот Абдыкаимович  эмгектенген, 2010-жылдан тартып 2014-жылдын 25-февралына чейин  педагогика илимдеринин кандидаты Даминова Инабат Даминовна жетектеп келсе, 2014-жылдын апрелинен баштап педагогика илимдеринин кандидаты Мондошов Шамир Насирович  иштеп  жатат.

            Кыргыз- Россия факультетинде Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик толук билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын негизинде жалпы билим берүүчү орто мектептер үчүн төмөнкү адистиктердеги мугалимдер даярдалат:

Адистик:550300

Квалификация:  «Орус тили жана адабияты мугалими», бакалавриат жана дистанттык негизде

 Адистик:550300

Квалификация:  «Кыргыз тили жана адабияты мугалими», бакалавриат жана дистанттык негизде

Адистик:550300

Квалификация:  «Кытай тили мугалими» бакалавриаттык негизде даярдалып жатат

Факультеттин аталышы, максаты. Кыргыз-Россия факультети. Факультетте үч адистик даярдалат: кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, кытай тили. Факультетке тиешелүү үч кафедра бар: кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, кытай тили кафедралары.

 Факультеттин максаты: Мекенчил, тереё билимдүү, илимге кызыккан,эмгекчил,адамгерчиликтүү,  чыгармачыл, демилгелүү, коомдун мыкты мугалимге болгон муктаждыгын    актай алган, өз эне тилинин чыныгы күйөрманы болгон жана эл аралык кызматка татыктуу    адисти даярдоо.

 

  Аты-жөнү: Мондошов Шамир Насирович

Туулган жылы: 1958-жыл. 14- август

 Билими: Жогорку, КМУ 1981. Филолог- окутуучу

Адистиги: « Кыргыз тили жана адабияты» мугалими

Илимий даражасы, наамы: Педагогика илимдеринин кандидаты, доцент                          2012-ж. сентябрь

Эмгек жолу жана иш тажрыйбасы: Жалпысы – 42. Пед стажы-36, ОГПИде-31         

 1986-1996-жылдары Ош педагогикалык окуу жайында, 1996-2002-жылдары Ош жогорку колледжинде, 2002-жылдан бери Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда эмгектенип келе жатат.

 

 Аты-жөнү: Токтосунова Айдын Мамасадыковна.

Туулган жылы:1981- жыл. 24- март

Билими: Жогорку, 2003-жыл, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, филолог-окутуучу.

Адистиги: “ Кыргыз тили жана адабияты”  мугалими

Эмгек жолу жана иш тажрыйбасы: Жалпы -15  ОГПИде- 11

2003-жылдын октябрь айынан баштап,    Өзгөн районундагы №36 орто мектепте кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштеген. 2006-жылы Кыргыз-Россия факультетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасында-лаборант, 2007-жылдын февраль айынан баштап, окутуучу болуп иштеп келе жатат

Электрондук дареги: dstilistika@mail.ru

 

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2017 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro