Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун дистанттык билим берүүнү уюштуруу боюнча аймактык борборун иштетүү боюнча ЖОБОСУ
30 январь 2013
4 068

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун дистанттык билим берүүнү уюштуруу боюнча аймактык борборун иштетүү боюнча ЖОБОСУ

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун дистанттык билим берүүнү уюштуруу боюнча аймактык  борборун иштетүү боюнча ЖОБОСУ

 

  1. Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун(мындан ары ОГПИ) дистанттык билим берүүнү уюштуруу боюнча аймактык борбору (мындан ары аймактык борбор) аймактардагы ОГПИнин дистанттык бөлүмүндө окуган студенттерге окуу жай менен байланышуунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында түзүлгөн.
  2. ОГПИнин дистанттык билим берүүнү уюштуруу боюнча аймактык борбору КРнын эмгек кодексинин 35 – главасынын (377-381 ст.) шарттарынын негизинде ОГПИнин  ректорунун  буйругу менен  түзүлөт.
  3. Борбор  өзүнүн  ишмердүүлүгүндө  КР  Президентинин  Указдарын,  КР  Өкмөтүнүн  токтомдорунун,  КР  билим  берүү  жана  илим  министерлигинин   буйруктарынын  жана  көрсөтмөлөрүнүн,  ОГПИнин  уставынын,   ОГПИнин ички тартип эрежесинин жана окуу процессин уюштуруунун жобосунун негизинде ОГПИнин  ректорунун  буйруктарын жана  көрсөтмөлөрүн,  ОГПИнин  Окумуштуулар  кеңешинин  сунуштарын,  ОГПИнин  окуу-методикалык  Кеңешинин,  окуу  жайдын  окуу  жана  илимий  бөлүмдөрүнүн  чечимдерин,  сунуштарын  толук  жетекчиликке  алат.
  4. ОГПИнин аймактык борбору Дистанттык  билим берүү жана мультимедиалык технологиялар борборунун  (мындан  ары  ДББжМТБ) түздөн түз көрсөтмөсү менен иш жүргүзөт.
  5. Аймактык борбор ОГПИ менен тандалып алынган мекеменин ортосундагы келишимдик мамилелерге ылайык имарат менен камсыздалат.
  6. ОГПИнин аймактык борборун иштетүү ошол аймакта туруктуу жашаган тандалган адис (мында ары жергиликтүү адис) менен түзүлгөн келишимдин шарттарында ишке ашырылат.
  7. Аймактык борборду жаңы маалыматтык-коммуникациялык технология менен ОГПИ камсыздайт.
  8. Аймактык борбордун  ишмердүүлүгү  үчүн  керектүү  шарттарды  келишимдин негизинде ОГПИ камсыз  кылат.
  9. Аймактык борборго берилген жаңы маалыматтык-коммуникациялык технологиялар ОГПИ нин менчиги болуп эсептелинет.
  10. Аймактык борборго берилген жаңы маалыматтык-коммуникациялык технологияларды сабактан сырткаркы мезгилдерде мекеме өз кызыкчылыгына пайдалана алат.
  11. Борбордун техникалык каражаттарынын материалдык жоопкерчилиги жергиликтүү адиске жүктөлөт.
  12. Аймактык борборду уюштуруудагы талаш-тартыштык КРнын мыйзамдарынын негизинде чечилет.

 

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro