Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » Абитуриенттерди педагогикалык адистиктерге максаттуу кабыл алуу.
8 июль 2016
1 029

Абитуриенттерди педагогикалык адистиктерге максаттуу кабыл алуу.

 Абитуриенттерди педагогикалык адистиктерге максаттуу кабыл алуу.

Республиканын 8 ЖОЖунда абитуриенттерди педагогикалык адистиктерге максаттуу кабыл алуу уюштурулат. Максаттуу орундар үчүн конкурска ЖОЖ жайгашкан жерде жашаган, ЖРТдан чектелген босого упайдан жогорку упай алган жана раймамадминистрациядан жолдонмосу бар абитуриенттер катыша алышат. Ж. Баласагын атындагы КУУга жана И. Арабаев атындагы КМУга максаттуу кабыл алуунун чектеринде республиканын ар бир аймагынан келген абитуриенттер өтө алат. Жолдонмо берген раймамадминистрация максаттуу орунда окуган бүтүрүүчүнү жумуш орунун менен камсыз кылууга милдеттенет.

Кабыл алуу эрежеси боюнча 2 тур өткөрүлөт. Бул Сизге ар түрдүү ЖОЖдун бир нече конкурсуна катышууга мүмкүндүк берет, демек, Сиздин ЖОЖго кирүү мүмкүнчүлүгүңүз жогорулайт. Бардык турда конкурсту кабыл алуунун эрежеси бирдей.

Кабыл алуу конкурсу 2016-жылдын 11-июлунда башталат. Айрылма талондорду чогултуу 13-июлда саат 14:00дө аяктайт. 14-июлда эртең мененки саат 10:00гө чейин кабыл алууга сунуш кылынган абитуриенттердин тизмеси илинет. Конкурстан өткөн абитуриент эки күндүк мөөнөттө б.а. 16-июлга чейин бул адистик боюнча окууну каалай тургандыгын ырастоого тийиш, болбосо анын орду ваканттуу деп эсептелет. Эгерде биринчи турдан кийин ЖОЖдо ваканттык орундар калып калса, ЖОЖ 18-июлдан 23-июлга чейин кабыл алуунун экинчи турун өткөрөт. Үчүнчү тур (25-30 июль) Билим берүү министрлигинин уруксаты боюнча гана жүргүзүлөт, ага катышуу үчүн абитуриент сертикаттын өзүн тапшырат. Кабыл алынган абитуриенттердин тизмеси абитуренттердин топтогон упайларын ырастоо үчүн Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборуна (ББОУБ) берилет. ББОУБ тарабынан күбөлөндүрүлгөн тизме ЖОЖдун дубал тактасында жалпыга маалымдоо үчүн илинип коюлат.

Күндүзгү контрактык окуу бөлүмүнө кабыл алуу турларынын өтүү мөөнөтү гранттык орундарга кабыл алуу мөөнөтүндө эле жүргүзүлөт. Башка окутуу формасына кабыл алуу мөөнөттөрүн ЖОЖ аныктайт. Контракттык окуу бөлүмүнүнө өтүү үчүн конкурс учурунда абитуриенттердин категориясы эске алынбайт.

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин электрондук дареги:
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2017 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro