Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » Келишимдик акы боюнча
6 июль 2016
2 740

Келишимдик акы боюнча

2016-жылдын 1-июлунан тартып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  «Мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмүнүн негизинде республикалык бюджеттин эсебинен Кыргыз Республикасындагы жогорку кесиптик билим берүүнү каржылоону уюштуруунун тартиби жөнүндөгү” № 370-токтому менен менчиктин түрүнө карабастан, бардык жогорку кесиптик билим берүүчү  уюмдарда билим берүү кызматынын наркына жараша, келишимдик негизде,билим  алган студенттер үчүн төмөнкү босого төмөнкүдөй белгиленди:

Багыт берүүчү топтордун аталышы (адистиктер)

Адистиктердин коду

Өлчөмү
(сом менен)

Билим берүү

51/52/53/54/55

26 360

Курулуш, экономика, башкаруу, экология жана туризм.

52/58/60/62/75

26 360

Тоо-кенин өндүрүүчү өнөр жай, транспорт, айыл чарба

61/63/65/67/73

28 996

Энергетика

64

30 314

Компьютердик технологии, телекоммуникация жана байланыш

59/70/71/69/

31 632

Жабдуулар, технологиялык адистиктер

65/68/72/74/76

34 268

Саламаттыкты сактоо

56

39 540

 

Таблицада көрсөтүлбөгөн даярдап-багыт берүү (адистиктер боюнча), (искусство жана маданият жаатындагы адистикти кошпогондо), менчиктин түрүнө карабастан, бардык жогорку кесиптик берүүчү  уюмдарда келишимдик негизде, билим  алган студенттер үчүн билим берүү кызматынын наркынын төмөнкү босогосу– 26 360 сомов.

Келишимдик негизде искусство жана маданият жаатында билим алган студенттер үчүн билим берүү наркы 26 360 сомдон төмөн болушуна жол берилет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №191-«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» токтому аркылуу акы төлөп билим алуунун баасы бекитиленип, билим берүүчү уюмдардын жетекчилери тарабынан бекитилет жана монополияга каршы ишти жөнгө салуучу  ыйгарым укуктуу орган менен макулдашууну талап кылбайт. 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин электрондук дареги:
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2017 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro