Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
19 июнь 2017
295

Окуу бөлүмү

Окуу бөлүмү – Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун  структуралык бөлүмү катары кызмат кылат.

 

Окуу бөлүмү мамлекеттик билим берүү стандарттарынын, окуу программаларын, окуу пландарынын жана Кыргыз Республикасынын жогорку билим берүү системасынын окуу-методикалык, нормативдик документтеринин негизинде окуу процессин уюштуруу, пландаштырууну көзөмөлдөө, координациялоо жана азыркы күндүн талабындагы окутуунун технологияларын киргизүү функциясын аткарат.

ОГПИнин Окуу бөлүмүнүн негизги милдеттери болуп:

  • Билим берүү тармагында мамлекеттик лицензиянын негизинде негизги жана кошумча билим берүү программасын ишке ашыруу боюнча институттун ишмердүүлүгүн уюштуруу, пландаштыруу жана башкаруу;
  • Институттун окуу процессине инновациялык окутуу технологияларын иштеп чыгаруу жана киргизүү, алдынкы педагогикалык тажрыйбаны жайылтуу;
  • Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун кафедраларынын, деканаттарынын жана колледжинин окуу ишмердүүлүгүнүн анализинин негизинде окуу процессин жакшыртуу максатында программаларды, нормативдик документтерди жана инструктивдик материалдарды түзүүнү ишке ашыруу;
  • Негизги билим берүү программаларын ишке ашырууда лицензиялык жана аккредитациялык талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө;
  • Борборлордун, факультеттердин, кафедралардын жана башка структуралык бөлүмдөрдүн иштерин координациялоо;
  • ОГПИнин бөлүмдөрүнө башкаруунун компетенциясынын ичинде документтерди туура түзүү жана даярдоо боюнча консультацияларды берүү;
  • Кредиттик окутуу системасын киргизүү жолу менен студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн кеңейтүү. Окуу бөлүмү тарабынан окуу процессин автоматташтыруу, окутуунун дистанттык жана кредиттик технологиясы менен байланышкан семинарлардын сериясын уюштуруу. Жалпы институт боюнча адистерди даярдоодогу мамлекеттик  талаптарга ылайык окуу процессин уюштуруу жана заманбап инновациялык окутуу технологияларын тажрыйбалоо жана кеңири жайылтууну максат кылат.
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин электрондук дареги:
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2017 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro