Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
26 июнь 2019
171

АБИТУРИЕНТКЕ КАТ!!!

ОШОЛ СЕНСИН, билесинби...

 

Элибиздин эртенки келечеги аталган, жан дүйнөсүн жалан жакшылык ыроологон, жүрөгү таза, ыйманы бекем, максаты бийик, аргымагы күлүк, акылы тунук, багыты түз болгон, мектептин акыркы конгуроосун балалык сезим менен акыркы ирет тыңшап жаткан урматтуу бүтүрүүчүлөр!  Мен силерге кайрылуу жасабасам да, силер мен айткан нерселерди даана билесинер, бирок артык дөөлөт баш жарбагандай эле, керектүү маалымат да оордук жаратпайт. Менимче аранардан көбүнөр студент болууну самап турасынар, бул абдан жакшы чечим, бирок аракеттен гана берекет болорун унутпагыла урматтууларым...а балким кимдир бирөөңөр окууну бүтсөм эле “акчалуу коркпойт базардан” деген ураанды туу тутуп же чындап эле муктаж болуп же билим алуудан ансыз да аран кутулдум дегендери канча, эмнеси болсо да акча табуунун ар кыл жолун мин ойлонуп, жүз пландап жаткан чыгарсынар, бул да туптуура чечим болушу ыктымал, бирок бир нерсени эске алуу керек:  дүйнөнүн эн бай адамдары болсун, кылычы кынынан чыга электе тизесине кулдук урган ноендорду башкарган баатырлар болсун, көз ачып жумганча бир жерден бир жерге жетип барган сыйкырчы болсун, кыскасы менмин деген мыктылардын бири да убакытты кайрадан артка кайтара алган эмес, бул адам баласынын иш аракетине көз каранды болбогон, эн баалуу байлык. Андай болсо, кийин окуймун, акчалуу болгондо билим алам деген чийки ойлор арадан айланып жылдар өткөндө өз башыбызга келген сокку болуп жүрбөсүн, билим алууга каражат кетет, бирок билимсиз өткөн жашоого андан да көп каражат жумшалат, демек, убагында окуганга  не жетсин...

Күн санап заманыбыз онолуп, элдин түшүнүгү бир топ бийиктиктерди энсеп баратат, ошол ийгиликтерге алып чыга турган инсандарды күтүп да, үмүт артып да турган чагы, ошол үмүттүн отун жандырган, элдин энсеген адамына айланган инсан “СЕН” болушун мүмкүн... Азыр адамдар материалдык байлыктары менен эмес, акылдуу ойлору, изги идеялары, туруктуу чечимдери, руханий баалуулуктары, сапаттуу билими менен бааланып жаткан учурга жеттик. Бирок студент болуунун тепкичтери татаал жолдорду ашуунун артынан гана келет, тагыраагы эн кеминде 110баллдан жогорку денгээлди багындыруу менен студенттик орунга кошулууга мүмкүнчүлүк берилет, бирок кептин баары студент болууда эле эмес, кыйын кырдаалга кириптер кылган адистик тандоо маселеси жаралат, ошол  жолдо эгерим адашпагыла, ар бир кесип ардакталууга татыктуу, андыктан акылынардан ойлонуп, жүрөгүңөр менен чечим чыгаргыла , өз адистигин мыкты билген күчтүү кадр эч качан ара-жолдо калбайт, анда чамдагыла...

Өзгөнү өз баласындай бапестеген  мугалимдердин берген билими жугумдуу болсун. Керектүү кезде чачылган үрөөн, акырындап мол түшүмүн берет. Мезгил келээр, бир күнү өзү тарбия берген балага, кайрадан өзү тан калып, менин окуучум эле деп жар салып сыймыктанган мугалимдердин куттуу жүзүнүн нуруна себепчи болор күнүнөр көп болсун. Таштаган кадамынар байсалдуу, тандаган жолунар пайдалуу жана жаркын келечектин шам чырагын жандырган аракеттен болсун, силерге ак жол каалайм.

 

Катты жазган ОГПИнин 4-курсунун студенти

Исамидин уулу Бектурали

 

 

 

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro