Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » РЕКТОРДУН КАЙРЫЛУУСУ
26 июнь 2019
123

РЕКТОРДУН КАЙРЫЛУУСУ

Урматтуу абитуриенттер! Урматтуу ата-энелер!

 

Азыр сиздердин алдыңыздарда келечек тагдырды чечүүчү кадамды таштоо милдеди турат. Бул – эң жоопкерчиликтүү жана тандоодо кыйынчылыкты жараткан  олуттуу кадамдардын бири.

Биздин максат – сиздердин муктаждыкты канааттандырып, келечекке карай туура кадам таштоодо  эң оптималдуу, эң ыңгайлуу, заманбап жолду тандап берүү менен эң мыкты адис болууга жардам берүү. Мына ошондуктан сиздерди башка окуу жайлардан артта калбай, коомчулукта өз үнү, өз максаты, тандап алган таасирдүү багыты, уникалдуу таалим-тарбиясы менен айырмаланып келе жаткан Ош гуманитардык-педагогикалык институтуна чакырам. 

Максатка жетүү үчүн заман талап кылган агымдан артта калбай, информациялык – технологиялык жактан камсыз болуп, жаңы үлгүдөгү билим берүү жолун тандап, атаандаштыкка туруштук берип келе жатабыз.

Ар бир кесип – ардактуу. Бирок, ошол кесиптердин ичинен мугалдимдик кесип баарынан улук. Ар бир ийгиликтүү инсандын, спортсмендин, музыкант, бизнессмен, атүгүл мугалимдин да артында устаты бар. Андыктан сиздерди жаркын келечек үчүн жан үрөп, аракеттенген мугалимдик кесипти тандоого чакырам.

Мезгилдин өтүшү менен көп нерселер өзгөгөрөт, бирок бир кылымдык тарыхтын ичинде кылымга тете тажрыйба, билимге сугарылган адистер, эчендеген жаңылыктар, миңдеген идеялар бар. Ошолордун баары сизди күтүп, кучак жайып тосуп алууга дайыма белсенип турат. 

Андыктан урматтуу достор, ата-энелер, стандартка туура келген мыкты педагог, белгилүү спортсмен, ырчы, чыгаан инсан болууну кааласаңыз, тарыхы терең, келечек максаты анык, аракети бийик, ниети түз – ОГПИни тандаңыз. Сиздин тандооңузга биздеги билим алууга түзүлгөн шарттар толук кепилдик боло алат.

Андыктан  куттуу окуу жайыбызга кош келиңиздер!

 

ОГПИнин ретору п.и.д.,профессор, Зулуев Бекмурза Бекболотович.

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro